Өкмөт суу ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу көздөйт

Өкмөт суу ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу көздөйт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында Суу жана жер ресурстары боюнча Улуттук кеңештин жыйыны болуп өттү. Отурумдун жүрүшүндө Улуттук кеңештин отчету угулуп, алдыдагы пландары каралды. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Учурда 2040-жылга чейин Улуттук суу стратегиясын ишке ашыруу иштери жүрүүдө. Улуттук стратегиянын негизги багыттары – суу ресурстарын түгөнүүдөн, булгануудан коргоо, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана башкаруу системасын реформалоо. Бул багытта, Мамлекеттик суу администрациясын жана бассейндик суу администрацияларын түзүлөт. Ошондой эле, суу ресурстарын башкаруу боюнча мыйзамдык базалар дагы каралат. 

Адистердин айтымында, жер бетинин 70% суу менен капталган. Бирок ал суунун 97% туздуу суу болсо, калган 3% гана ичүүчү таза (тузсуз) суу болуп саналат. Ал эми, Кыргызстанда жер үстүндөгү суу ресурстарынан тышкары жер астындагы тузсуз суунун олуттуу запасы бар. 

Акылбек Жапаров Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрине, Айыл чарба министрине суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу багытындагы иштерди күчөтүүнү тапшырды. Өзгөчө ушул жылдын ноябрь айында Улуу Британияга болгон жумуш сапарынын алкагында курулуш материалдарын чыгарган “Concrete Canvas” компаниясынын жетекчиси Уилл Кроуфорд менен жолугушууда жетишилген макулдашууну ишке ашыруу. 

Белгилей кетсек, эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын аймагында “Concrete Canvas” компаниясынын заводун куруу жетишилген болчу. “Concrete Canvas” компаниясы чыгарган материалдар ири каналдардын, суу сактоочу жайлардын алдына төшөлүп суунун жоголуусун азайтат.

Мындан тышкары окуңуз

Баткендеги катуу шамалдын кесепети 16 млн сом чыгымга учуратты

Баткендеги катуу шамалдын кесепети 16 млн сом чыгымга учуратты

27-июнда Баткен шаарында, ошондой эле Баткен жана Лейлек райондорунун аймагында катуу шамал болуп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 27–28 метрге чейин жетти. Бул тууралуу президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жаратылыш кырсыгынын кесепетинен айрым турак үйлөрдүн жана социалдык объектилердин чатырлары жабыркап, башка материалдык чыгымдар

Нарындагы мыйзамсыз курулган тосмолор буздурулууда

Нарындагы мыйзамсыз курулган тосмолор буздурулууда

Нарын шаарынын Жаңы Жол чөлкөмүндө мыйзамсыз тосулуп алынган жер аянттарын кайтарып алуу максатында дубал тосмолор жана сарайлар бузулууда. Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматынын айтымына караганда, “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо” жөнүндөгү президенттин 109 -Жарлыгынын алкагында мыйзамсыз курулуштарды аныктоо, бузуу боюнча жарандарга билдирүүлөр да

Кыргызстан менен Пакистан соода-экономикалык  долбоорлорду ишке ашырат

Кыргызстан менен Пакистан соода-экономикалык долбоорлорду ишке ашырат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Пакистандын Лахор шаарындагы Кыргызстандын ардактуу консулу менен жолугушту. Аталган мекеменин маалыматына ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташуунун келечектүү багыттары талкууланды. Пакистан тарап Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, артыкчылыктуу тармактары жана инвесторлор үчүн каралган мамлекеттик колдоо чаралары менен таанышты. Равшанбек Сабир

“Кыргыз Петролеум Компаниясын” жаңылоого 409,9 млн доллар каралган

“Кыргыз Петролеум Компаниясын” жаңылоого 409,9 млн доллар каралган

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Манас шаарында өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу май маселелерине байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жана мунай менен иш алып барган бир катар жеке компаниялардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрдү.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, отурумда негизинен “Кыргызнефтегаз”