Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын саны 27.5 миңди түзөт

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын саны 27.5 миңди түзөт

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын жалпы саны 27 миң 570ти түзөт. Бул тууралуу маалымат жыйында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, агенттик тарабынан мамлекеттик башкаруунун аброюн жогорулатуу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматка сабаттуу, демилгелүү, кесипкөй кадрларды тартуу багытында жумуштар аткарылууда.

«Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында бош кызмат орундарына дайындоо ачык конкурс аркылуу түзүлгөн кадрлар резервинен жүргүзүлөт. Кадрлар резервине конкурс өткөрүүдө талапкерлерди тестирлөө агенттикте өткөрүлөт», - деди ал.

Аткаминер 2023-жылы 21 миң 995 киши тестирлөөдөн өткөндүгүн кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Кочкор районундагы эс алуу багы жаңыланууда

Кочкор районундагы эс алуу багы жаңыланууда

Курулуш министрлиги тарабынан Кочкор районунда аянты 4,8 гектар болгон эс алуу багы оңдолууда. Жаңылоо иштери 2025-жылдын октябрь айында башталып, Турукташтыруу фондунан каржыланууда. Курулуш министрлигинин маалыматына караганда, долбоорго ылайык, эс алуу багында 9 метрлик флагшток, шахмат жана скейт аянтчалары, амфитеатр, балдар аянтчасы, веложол, отургучтар жана унаа токтотуучу жай курулат.

Көгүлтүр отко карызы бар абоненттердин газы өчүрүлө баштады

Көгүлтүр отко карызы бар абоненттердин газы өчүрүлө баштады

Кыргызстанда 1-июлдан тартып дебитордук карызы бар абоненттерге жаратылыш газын берүү токтотула баштады. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынан маалымдашты. Билдирүүгө караганда карызы бар керектөөчүлөрдүн газын өчүрүү иштери жай мезгилинде гана жүргүзүлөт. Ал эми күз-кыш мезгилинде калкты үзгүлтүксүз газ менен камсыздоо максатында мындай чара колдонулбайт. Абоненттер карызынын көлөмүн “Газпром Кыргызстан”

Ош шаарындагы борбордук аянт көрктөндүрүлүп, жарыктандырылды

Ош шаарындагы борбордук аянт көрктөндүрүлүп, жарыктандырылды

Ош шаарында борбордук аянтты көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана жарыктандыруу иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Шаар мэринин тапшырмасына ылайык, “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы тарабынан аянт иретке келтирилип, көрктөндүрүлдү. Ошондой эле “Ошсвет” ишканасы тарабынан заманбап түнкү жарыктандыруу тутуму орнотулуп, учурда ал сыноо

Чолпон-Атада конок үйлөрдү суу каптады

Чолпон-Атада конок үйлөрдү суу каптады

1-июлдун кечинде Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Лукаморье” эс алуу жайынын имаратын сел суусу кирип, “Арча Макс” конок үйүнүн короосун суу каптаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча маалыматына ылайык, куткаруучулар “Лукаморье” пансионатынан 24 адамды кооптуу жерден чыгарып, аларды жакын жайгашкан конок үйлөрүнө убактылуу жайгаштырды. Ошондой эле