Көгүлтүр отко карызы бар абоненттердин газы өчүрүлө баштады

Көгүлтүр отко карызы бар абоненттердин газы өчүрүлө баштады

Кыргызстанда 1-июлдан тартып дебитордук карызы бар абоненттерге жаратылыш газын берүү токтотула баштады. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынан маалымдашты.

Билдирүүгө караганда карызы бар керектөөчүлөрдүн газын өчүрүү иштери жай мезгилинде гана жүргүзүлөт. Ал эми күз-кыш мезгилинде калкты үзгүлтүксүз газ менен камсыздоо максатында мындай чара колдонулбайт.

Абоненттер карызынын көлөмүн “Газпром Кыргызстан” компаниясынын мобилдик тиркемесиндеги жана расмий сайтындагы жеке кабинети, төлөм дүмүрчөгү же “Мой дом” кызматы аркылуу текшере алышат.

Төлөмдөрдү компаниянын мобилдик тиркемеси, “Мой дом” сервиси, мобилдик капчыктар жана төлөм терминалдары аркылуу жүргүзүүгө болот.

Эгер газ карызга байланыштуу өчүрүлсө, аны кайра туташтыруу үчүн алгач карыз толугу менен төлөнүшү керек. Андан соң кардар жеке кабинети аркылуу же кардарларды тейлөө кеңсесине кайрылып арыз тапшырат.

Газды кайра туташтыруу кызматынын баасы 1270 сомду түзөт. Төлөмдү BAKAI жана MBank мобилдик банкинги аркылуу же кардарларды тейлөө кеңселеринде жүргүзүүгө болот. 

Компаниянын маалыматына ылайык, газ берүү арыз кабыл алынган күндөн тартып үч иш күнүнүн ичинде калыбына келтирилет.

Эске салсак, көгултүр газ менен өлкөнүн бардык аймактары камсыздалган эмес. Газ туташтырылган негизги шаарлар: Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Токмок, Кара-Балта жана Кант.

Мындан тышкары окуңуз

8- октябрда Бишкектин айрым аймактарында убактылуу суу өчүрүлөт

8- октябрда Бишкектин айрым аймактарында убактылуу суу өчүрүлөт

2026-жылдын 8-октябрында саат 09:00дөн 20:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына караганда, өчүрүүлүүчү райондорго төмөнкулөр кирету:  -        Ч. Айтматов проспектиси – темир жол тилкеси – Ала-Арча

Ишкер Media
Жылдын мыкты мугалими: батирдин ачкычы жана 500 миң сомдук байгенин ээлери

Жылдын мыкты мугалими: батирдин ачкычы жана 500 миң сомдук байгенин ээлери

Бүгүн, “Ырыс-Ордо” мамлекеттик конгресс-борборунда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өтүп, анын алкагында “Жылдын мыкты мугалими”, “Жылдын мыкты тарбиячысы” жана “Балдарга кошумча билим берүү уюмунун мыкты педагогу” республикалык кароо-сынактарынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Төраганын орун басары Улан Маматканов, Жогорку Кеңештин

Ишкер Media
Казанда КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин башкы аскер прокурорлору жолугушту

Казанда КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин башкы аскер прокурорлору жолугушту

Орусиянын Казань шаарында КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин башкы аскер прокурорлорунун жолугушуулары өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалымдалгандай, жыйын КМШ башкы прокурорлорунун Координациялык кеңешинин жана ШКУ башкы прокурорлорунун жыйындарынын алкагында уюштурулду. Кыргызстандын атынан Башкы прокурордун орун басары - Аскер прокурор Кубанычбек Байдылдаев катышты. Жолугушуунун негизги темасы - чек ара коопсуздугун прокурордук көзөмөл

Ишкер Media
Ош шаарында заманбап медициналык борбор ачылды

Ош шаарында заманбап медициналык борбор ачылды

Бүгүн Ош шаарында "Клиника Ош" медициналык борбору ачылды. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун тең төрагасы катышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Мэр бул борбордун ачылышы шаар үчүн маанилүү кадам экенин белгилеп, фондго ыраазычылык билдирди. "Бул долбоор Кыргызстан

Ишкер Media