Жээнбек Кулубаев Өзбекстандын президенти менен жолукту

Жээнбек Кулубаев Өзбекстандын президенти менен жолукту

Ташкентте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Мирзиёев Кулубаевди Өзбекстанга болгон расмий сапарынын алкагында кабыл алган.

Сүйлөшүүнүн башында министр Шавкат Мирзиёевге Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жылуу саламын жолдоду.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жана ынак коңшулук мамилелерин мындан ары бекемдөө маселелери талкууланып, практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн келечеги тууралуу кеп болду.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө чыгарылган корей салаты коңшу өлкөлөргө экспорттолууда

Чүйдө чыгарылган корей салаты коңшу өлкөлөргө экспорттолууда

Чүй облусундагы “Айджен Компани” ЖЧКсы корей салатын өндүрүүнү кеңейтүүдө. Компания жакында Кытайдан заманбап жабдууларды алып келип, эми күнүнө 4 тоннага чейин капустаны кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.  Өндүрүлгөн салаттар Кыргызстан менен катар Казакстан жана Өзбекстанга экспорттолот. Компания

Нарын шаарындагы ири көпүрөнү оңдоо иштери башталды

Нарын шаарындагы ири көпүрөнү оңдоо иштери башталды

Жаңы-Жол – Нарын айланма жолунун 0,4 чакырымындагы, башкача айтканда Нарын шаарына кире бериштеги чоң көпүрөнүн деформациялык шофторун оңдоо иштери башталды. Транспорт министрлигинин маалыматына караганда, ушу тапта №41 жол тейлөө ишканасы тарабынан жолдогу аң-чөнөктөр жамоо жумуштары  аткарылууда. Жакынкы күндөрү тийиштүү адистер көпүрөнү толук коопсуз абалга келтирүү үчүн жалпы сметасын даярдап, талапка

Адылбек Касымалиев Улуттук онкология жана гематология борборун күтүүсүз текшерди

Адылбек Касымалиев Улуттук онкология жана гематология борборун күтүүсүз текшерди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев бейтаптардан түшкөн арыздардын негизинде Улуттук онкология жана гематология борборунун поликлиникасына күтүүсүз текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, иш сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы бейтаптарды кабыл алуу шарттары, медициналык персоналдын ишинин уюштурулушу, медициналык жабдуулардын абалы, мекеменин инфраструктурасы жана материалдык-техн

Нарында текени мыйзамсыз аткан жаранга айып пул салынды

Нарында текени мыйзамсыз аткан жаранга айып пул салынды

Нарын районунун Туюк-Суу тилкесинде тоолорубуздун баа жеткис символу болгон текени мыйзамсыз улоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Экотех көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгынын билдирди. Маалыматка ылайык, Экотех көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгынын инспекторлору жана Нарын мамлекеттик коругунун кызматкерлери биргелешкен рейд учурунда браконьерлерди кылмыш үстүндө кармашты. Алардан курал-жарак жана союлган жаныбардын эти алынды. Экосистемага