Жогорку сотко 47 автоунаа тапшырылды

Жогорку сотко 47 автоунаа тапшырылды

Жогорку Сотунун алдындагы Сот департаментине 47 автоунаа тапшырылды. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров белгилегендей, 2 жылдын ичинде сот системасына бөлүнгөн каражаттын көлөмү дээрлик 3 эсеге өскөн. Маселен, 2020-жылы бюджет 1.2 млрд сом болсо, 2023-жылы 3.5 млрд сом болгон.

«Биринчи жолу сот аткаруучулар үчүн автоунаалар сатылып алынды. Бул автоунаалар мамлекеттик бюджеттин эсебинен 92.1 млн сомго сатып алганыбызды белгилей кетейин. 157 сот залына атайын аппараттар орнотулуп, айлык акы көтөрүлдү», – деди Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

2027-жылдан баштап мектеп тамак-ашына бөлүнгөн каражат көбөйөт

2027-жылдан баштап мектеп тамак-ашына бөлүнгөн каражат көбөйөт

2027-жылдын 1-январынан баштап окуучунун мектептеги бир күндүк тамак-ашын каржылоо ченеми 40 сомго чейин жогорулатылат. Тиешелүү чечимди президенти Садыр Жапаров кабыл алды. Азыркы учурда жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусу республикалык бюджеттин эсебинен бир окуучуга күнүнө 14 сом өлчөмүндө каржыланат. Ошол эле учурда балдардын ден

Кытайдан алынып келинген 24,6 тонна жаңгак артка кайтарылды

Кытайдан алынып келинген 24,6 тонна жаңгак артка кайтарылды

Кытайдан ташылып келе жаткан 24,6 тонна жаңгак артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Нарын облустук башкармалыгы тарабынан 10-июнда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Торугарт автожолу” постунда карантиндик фитосанитардык текшерүү иш-чаралар мезгилинде, Кытайга таандык 24,

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү темир жол курулат

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү темир жол курулат

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү шакекче темир жолунун курулуш долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу уланууда. Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин айтымында, үстүбүздөгү жылы долбоорду ишке ашыруу механизмдерин аныктоо пландалууда. «Темир жолдун курулушун этап-этабы менен жүргүзүү болжолдонууда. Биринчи этапта Балыкчы – Чолпон-Ата тилкеси салынат, андан соң Чолпон-Ата – Каракол

Алдамчылыкка каршы күрөшүү талкууланды

Алдамчылыкка каршы күрөшүү талкууланды

Бүгүн Улуттук банк тарабынан алдамчылыкка каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык туруктуу жумушчу топтун кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жыйынга Улуттук банктын, финансы-кредит мекемелердин, байланыш операторлорунун, ошондой эле мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар мурдагы жыйындардын алкагында