Өкмөт 2023-жылдагы жыйынтыктоочу жыйыны өттү

Өкмөт 2023-жылдагы жыйынтыктоочу жыйыны өттү

Өкмөт 2023-жылдагы жыйынтыктоочу жыйыны өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү 18 маселени карашты. Тактап айтканда, Министрлер Кабинетинин 2024-жылга карата иш планы бекитилди.

2023-2027-жылдарга “Көөнө тарых сырлары” тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казуу иштерин жүргүзүү боюнча мамлекеттик программаны министрлер кабинети бекитти.

Документ президенттин “КРнын тарыхый-маданий мурастарынын объектилерин сактоону, изилдөөнү жана жайылтууну камсыз кылууну мамлекеттик колдоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан.

Министрлер кабинетинин жыйынында товарларды жана таңгактарды өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын кеңейтилген жоопкерчилиги институтун киргизүү концепциясы жактырылды.

Документ экинчи даражадагы материалдык ресурстарды экономикалык жүгүртүүгө максималдуу кайтарууга жана керектөө калдыктарын көмүү көлөмүн минималдаштырууга багытталган мамлекеттик натыйжалуу жөнгө салуу моделин түзүү максатында иштелип чыккан.

“Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты агартуучусу” республикалык сынактарын жыл сайын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилди.

Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азамат Осмонов мамлекеттик органдардын уюштуруу, финансылык, чарбалык жана башка башкаруу маселелерин чечүүгө багытталган министрлер кабинетинин токтомдорунун жана буйруктарынын долбоорлору, анын мазмуну жөнүндө баяндама жасады. Анын айтымында, акыркы 3 жылда министрлер кабинетинин 3846 актысы кабыл алынып, жылына орточо эсеп менен 1300 актыга жетет. Алардын 40%ы өзгөртүү жана толуктоо актылары.

Докладды угуп, мамлекеттик органдардын жетекчилерине, мамлекеттик органдарга берилген укуктун алкагында жергиликтүү актылары менен чечилиши мүмкүн болгон учурларда, токтомдор жана буйруктар түрүндөгү Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөө учурларын алып салуу боюнча чараларды көрүүнү тапшыруу чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда мугалимдер үчүн KPI системасы киргизилет

Кыргызстанда мугалимдер үчүн KPI системасы киргизилет

Кыргызстандагы мектептерде 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында мугалимдерге алардын иш жыйынтыгына жараша кошумча төлөмдөр караларын маалымат жыйынында билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди. Анын айтымында, жакынкы үч жыл ичинде мугалимдер үчүн KPI (негизги көрсөткүчтөр) системасын киргизүү пландалып жатат. Ошондуктан мугалимдердин айлыгы массалык түрдө көбөйтүлбөйт, көбүнчө жекече (натыйжага жараша)

Мугалимдердин айлыгын жогорулатууда бирдиктүү коэффициент киргизилди

Мугалимдердин айлыгын жогорулатууда бирдиктүү коэффициент киргизилди

2026-жылдын 1-апрелинен тартып бардык педагогикалык кызматкерлер үчүн бирдиктүү коэффициент колдонулуп жатканын маалымат жыйынында бюджеттик саясат, финансылык талдоо жана инфраструктура башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратова билдирди. Буга чейин STEM багытындагы мугалимдер жана башталгыч класстардын мугалимдери үчүн өзүнчө коэффициент колдонулуп келген. Мындай ыкмага тарых мугалимдери каршы чыгып, министрлер кабинетинин башчысынан аны кайра карап

Баткенде 64 млн сомго бала бакча курулуп жатат

Баткенде 64 млн сомго бала бакча курулуп жатат

Курулуш министрлиги тарабынан Баткен районунун Жаңы-Достук участкасында 100 орундуу заманбап бала бакчанын курулушу жүрүүдө. Министрликтин маалыматына ылайык, аталган долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 64 миллион сомду түзөт. Башкы планга ылайык, эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 988 чарчы метрди түзөт. Учурда курулуш аянтчасында активдүү иштер жүрүп жатат. Тактап

Былтыр дүйнө жүзү боюнча коргонууга 2,887 трлн доллар сарпталган

Былтыр дүйнө жүзү боюнча коргонууга 2,887 трлн доллар сарпталган

2025-жылы дүйнө жүзүндөгү коргонууга кеткен чыгымдар 2,887 трлн долларга чейин өскөнүн Тынчтык маселелерин изилдөө боюнча Стокгольм эл аралык институтунун жылдык баяндамасына шилтеме кылуу менен "Известия" басылмасы билдирди. Баяндамада аскердик чыгымдар катары 11 жылдан бери өсүп отуруп дүйнөлүк ички дүң продукцияга карата үлүшү 2,5%га жетти. Бул