Чүйдө жана Бишкекте жол курулуштарына текшерүү жүргүзүлдү
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы бир катар жол курулуш объектилерин кыдырды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Министр Бишкектеги Профсоюз көчөсүндөгү, Түндүк айланма жолундагы жана Чүй облусунда жүрүп жаткан жол куруу иштеринин жүрүшү менен таанышып, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берди.
Иш сапардын жүрүшүндө аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл бурулуп, курулуш иштерин өз мөөнөтүндө жана талапка ылайык бүтүрүү зарылдыгы белгиленди.
“Жол курууда эң негизги талап — сапат. Ар бир аткарылган иш элдин коопсуздугуна жана ыңгайлуулугуна кызмат кылышы керек”, — деди министр.
Ошондой эле тиешелүү мекеме-ишканаларга курулуш иштерин күчөтүү, техникалык көзөмөлдү жакшыртуу жана жолдордун сапатын камсыздоо боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.
Министрлик тарабынан өлкөдөгү жол инфраструктурасын өнүктүрүү жана заманбап жолдорду куруу иштери улантылары белгиленди.