Садыр Жапаров үч мамлекетке жаңы элчилерди дайындады

Садыр Жапаров үч мамлекетке жаңы элчилерди дайындады

Садыр Жапаров үч мамлекетке жаңы элчилерди дайындады. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Такталгандай, Аскар Бешимов Нью-Дели шаарындагы резиденциясы менен ишин айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Шри-Ланкадагы элчиси болуп дайындалды.

Анвар Анарбаев Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болду. Ошондой эле Марат Нуралиев Кыргызстандын Катардагы элчиси болуп дайындалды.

Мындан тышкары окуңуз

Сузактын Коммунизм-Жаңы-Дыйкан жолу жасалууда

Сузактын Коммунизм-Жаңы-Дыйкан жолу жасалууда

Сузак районундагы Коммунизм -Жаңы-Дыйкан унаа жолуна асфальт төшөө иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун узундугу - 6 чакырым. Быйылкы жылы толук асфальт төшөө пландалган. Учурда жолдун негизин даярдоо, тегиздөө жана асфальт төшөө иштери этап-этабы менен жүргүзүлүүдө. Эки тилкеде жер алдындагы суу түтүктөрү

Казакстандын чек араларында экспорттук көзөмөл күчөтүлөт

Казакстандын чек араларында экспорттук көзөмөл күчөтүлөт

Казакстандын чек аралары боюнча, анын ичинде Кыргызстан жана Россия менен чектешкен тилкелерде тышкы экономикалык ишмердүүлүктү көзөмөлдөө үчүн мобилдик топтор иштей баштайт. Бул тууралуу маалымат жыйынында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз экспорт" борборунун директору Урмат Такиров билдирди. Анын айтымында, чек арадагы ишмердүүлүк казак тараптын жол-жоболору менен жөнгө салынат,

Товарды күтүүнү ырастоо системасы ишке киргизилет

Товарды күтүүнү ырастоо системасы ишке киргизилет

Россиянын өкмөтү тарабынан ЕАЭБ алкагында тышкы соода операцияларында салык көзөмөлүн күчөтүү үчүн иштелип чыккан товарлардын күтүүлөрүн ырастоо системасы (СПОТ) этап-этабы менен ишке ашырыларын "Кыргыз Экспорт” борборунун директору Урмат Такиров билдирди. Анын айтымында, система КНС жана акциздик жыйымдар сыяктуу кыйыр салыктарды төлөөнү милдеттүү түрдө ырастоо менен жеткирүүлөрдү жөнгө салууга багытталган.

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттарында убактылуу чектөөлөр киргизилет. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, мындай чара Кытайда эмгек күнүн майрамдоого байланыштуу көрүлүүдө. 30-апрелден тарта "Эркечтам - унаа жолу" өткөрүү пунктунда саат 22:00дөн тарта, ал эми "Торугарт - унаа жолу" өткөрүү пунктунда саат 20:00дөн баштап адамдарды,