Жумгалда 4 жыл ичинде 24 объект пайдаланууга берилген

Жумгалда 4 жыл ичинде 24 объект пайдаланууга берилген

Президент Садыр Жапаров 23-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана динамикасы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, райондун акими Жаныбек Исаков Мамлекет башчысына акыркы жылдардагы инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү тууралуу маалымат берип, районду мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.

Белгиленгендей, 2021–2025-жылдары курулуш тармагында жалпы баасы 1 млрд 43 млн сомдон ашык болгон 24 объект ишке киргизилген. Алардын катарында 7 мектеп, 3 спорт залы, 2 бала бакча, 5 административдик объект жана 7 өндүрүштүк ишкана бар. Каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, өнүктүрүү фондунун, ошондой эле инвесторлордун жана өнөктөштөрдүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлдү.

Жол тармагында көрсөтүлгөн мезгил ичинде 428,4 млн сомдук иштер аткарылды. 35,7 км жол асфальтталып, 89 чакырым жолго шагыл төшөлдү, жалпы аянты 133 миң чарчы метрден ашык жол бетинде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.

Ирригация тармагында олуттуу жыйынтыктар жетишилди. 2021–2025-жылдары 1 млрд 18 млн сомдон ашык суммага долбоорлор ишке ашырылып, тармактын каржылоосунун көлөмү дээрлик 94 эсеге өстү. 2022-жылы башталган 836,3 млн сомдук “Түгөл-Сай” суу сактагычынын курулушу уланууда. Объектти пайдаланууга берүү 2026-жылга пландалууда.

Калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо жаатында акыркы беш жылда 379,9 млн сомдук иштер аткарылып, каржылоо 11,5 эсеге көбөйдү. 2026-жылы райондун жети калктуу конушунда жалпы наркы 595,6 млн сом болгон суу менен камсыздоо системаларын ишке киргизүү пландалууда.

Ошондой эле, учурда райондун аймагында 21 объект курулуп жатканы белгиленди. 2026-жылдын аягына чейин административдик имараттарды, социалдык инфраструктура объектилерин, алты чакан футбол аянтчасын жана заманбап спорт комплексин камтыган 16 объектти бүткөрүп, пайдаланууга берүү мерчемделүудө.
Кошумча иштөөнү талап кылган маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, райондо мамлекеттик ипотекалык турак жай куруу зарылчылыгы сакталууда – болжол менен 4 350 тургундун турак-жай шарттарын жакшыртууга муктаждыгы бар. Долбоорду ишке ашыруу үчүн Чаек айылында аянты 2 гектар жер тилкеси бар.

Мындан тышкары Чаек айылында борборлоштурулган саркынды суу системасын жана тазалоочу курулуштарды куруу, маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн райондук аянтчаны түзүү, ошондой эле Жумгал районунун туристтик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу келечеги талкууланды.

 

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунда 28 тоннель казылууда

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунда 28 тоннель казылууда

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун өлкө аймагындагы бардык тилкесинде жумуштар кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдирди. Билдирүүгө караганда, жаңы курула турган 29 тоннелдин 28инде курулуш иштери жүрүп жатат, ал эми бир тоннель толугу менен казылып бүттү. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу

Ишкер Media
4 облуста таштанды төгүүчү жайлар дрондун жардамы менен көзөмөлдөнөт

4 облуста таштанды төгүүчү жайлар дрондун жардамы менен көзөмөлдөнөт

Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан Бишкек шаарынын Экологиялык прокуратурасы менен биргеликте Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарында таштанды төгүүчү жайлардын абалына көзөмөлдү күчөтүү пландалууда. Министрликтин маалыматына караганда, бүгүн тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү катышкан видеоконференция форматындагы жолугушуу орун алды. Анда катуу тиричилик калдыктарынын стихиялуу түрдө төгүлүшү, алардын үзгүлтүксүз тутанышы жана түтөп күйүшү,

Ишкер Media
Бишкекте жаңы заманбап аялдамалар орнотулууда

Бишкекте жаңы заманбап аялдамалар орнотулууда

Борбор калаада коомдук транспорттун инфраструктурасын өнүктүрүү уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты. Билдирүүгө караганда, "Санариптик технологиялар борбору" ишканасы "Акылдуу аялдама" долбоорунун алкагында шаардагы аялдамаларга 15 интерактивдүү маалыматтык панель орнотту. Орнотуу иштери уланууда. Мындан тышкары, AUGUL компаниясы менен биргеликте Айни көчөсү – Чыңгыз Айтматов кең көчөсү аялдамасына автобус

Ишкер Media
Бишкекте балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча жыйын өттү

Бишкекте балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча жыйын өттү

КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызынын жетекчилиги астында балдардын укуктарынын сакталышы боюнча маселелерди кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу министрликтен билдирди. Жыйынга Чүй облусунун прокуратурасынын, Агартуу министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Министрлер Кабинетинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын өкүлдөрү катышты.

Ишкер Media