Илияз Ташбаев президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды

Илияз Ташбаев президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды

Илияз Ташбаев президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Эске салсак, Ташбаев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун статс-катчысы болуп эмгектенген.

Мындан тышкары окуңуз

Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти 14 жылга кесилди

Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти 14 жылга кесилди

Чүй облустук сотунун чечими менен Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Талас Бегалиев 14 жылга кесилди. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы ырастады. Соттун чечимине ылайык, Талас Бегалиевди Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу"), 262-беренеси ("Кылмыштуу топту түзүү же ага катышуу"), 263-берене ("Уюшкан топторду

Жайыл районунда “Кайырма” суу каналы оңдолууда

Жайыл районунда “Кайырма” суу каналы оңдолууда

Жайыл районунун Талды-Булак айыл аймагында жайгашкан "Кайырма" суу каналына бетон төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, каалдын жалпы узундугу 10 123 метрди түзүп, анын 2500 метрине бетон төшөлүүдө. Ал 13 610 квадрат метрди түзөт. Мерчемделген иштер Жайыл райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Азык-түлүк бааларына сереп: Кыргызстан, Казакстан жана Россиядагы абал кандай?

Азык-түлүк бааларына сереп: Кыргызстан, Казакстан жана Россиядагы абал кандай?

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 22-апрелге карата Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө (Россия жана Казакстан) негизги азык-түлүк товарларынын бааларына салыштырма мониторинг жүргүздү. Мониторингдин жыйынтыгында Кыргызстанда айрым товарлардын баасы бир аз жогорулаганы, ал эми бир катар азыктар арзандаганы аныкталды. Тактап айтканда, сабиз 0,3%га, тазаланган күн

Чоң Чүй каналынын жээгине сейил бак курулат

Чоң Чүй каналынын жээгине сейил бак курулат

Чоң Чүй каналынын жээгинде сейил бак курулат. Бул тууралуу  Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен болгон көчмө жыйында билдирди. Маалыматка таянсак, “Сейил бак “Алга” стадионунун аймагындагы көрктөндүрүлгөн үлгүгө окшош болот. Учурда каналдын жээгинде санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүп, жээтер бекемделип, коопсуздук чаралары көрүлүүдө. Эске салсак, ушул