Түндүк – Түштүк жолуна жол тейлөө пункттары курулууда

Түндүк – Түштүк жолуна жол тейлөө пункттары курулууда

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Түндүк –Түштүк жолундагы трассанын үч тилкесинде заманбап жол тейлөө базалары курулууда. Учурда Кызарт белиндеги жол тейлөө базасынын дубалдары тургузулуп, объект таза суу жана интернет байланышы менен камсыздалды. Бул жерде кызматкерлердин үзгүлтүксүз иш алып баруусу үчүн зарыл болгон шарттар түзүлүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, Сузак районунун Калмак-Кырчын айылынын жанында дагы бир жол тейлөө базасынын курулушу башталды. Азыркы учурда анын пайдубалы түптөлүп, курулуш иштери белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.

Аталган базаларга атайын жол куруу жана жол тейлөө техникалары, заманбап жабдуулар, күйүүчү-майлоочу материалдар жана башка керектүү ресурстар жайгаштырылат. Мунун натыйжасында трассаны төрт мезгил бою үзгүлтүксүз жана сапаттуу тейлөө мүмкүнчүлүгү кеңейет.

Мындан тышкары, үчүнчү жол тейлөө базасын жайгаштыруу боюнча да даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Учурда ылайыктуу жер тилкесин аныктоо жана тиешелүү долбоордук-техникалык документтерди даярдоо иштери жүрүп жатат.

Жол тейлөө базалары пайдаланууга берилгенден кийин трассаны жыл бою сапаттуу тейлөө камсыздалып, жол кыймылынын коопсуздугу жана айдоочулар үчүн ыңгайлуулук жогорулайт. 

Мындан тышкары окуңуз

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

2020-2021-жылдарга чейин өлкөгө жылына 2-3 миллион гана турист келсе, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 13 миллионго жеткенин мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирген. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча туризмдин абалы кандай? Анын мамлекеттин экономикасына кошкон салымы канчалык? Ушул өңдүү суроолорго жооп алуу үчүн "Ишкер медиа" сайты туризм боюнча

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

13-августта Бишкек шаарынын Ленин районунда Краснодар көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш болду. Жаңыланган тилке Б. Алыкулов көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейинки аралыкты камтыйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөөдөн өткөн жол тилкесинин узундугу 510 метрди түзөт. Капиталдык оңдоо иштерин “Су-4 Кара-Балта” ЖЧКсы подряддык

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарында 15-августтан 30-августка чейин Б. Осмонов көчөсүнүн Мукумий көчөсүнөн Достук айлампасына чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.  Ош шаардык мэриясы, Б. Осмонов  көчөсүнөн Мукумий, А.Атаканов көчөлөрү аркылуу альтернативдүү жол аркылуу убактылуу каттоону өтүнөт. Ошондой эле Төлөнов көчөсүн оңдоп-түзөөгө байланыштуу Саргалчаев, Абжалов көчөлөрү 15-августтан тарта убактылуу жабылды.

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Нарын –Баетов унаа жолунун 84 – 115-чакырым аралыгында курулуш иштери активдүү улантылууда. “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын маалыматына ылайык, жалпы узундугу 31 чакырымды түзгөн аталган тилкенин бүгүнкү күндө 25 чакырымына асфальттын экинчи катмары төшөлүп бүттү. Курулуш иштерин №1 Жол куруу башкармалыгы жүргүзүүдө. Учурда жолдун калган бөлүгүндө асфальт