Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы авиакаттамдардын графиги өзгөрдү

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы авиакаттамдардын графиги өзгөрдү

Москвада “Ковер” планы киргизилгенине байланыштуу Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы айрым авиакаттамдардын графиги өзгөрдү. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Авиатрафик” авиакомпаниясынын Бишкек – Москва багыты боюнча YK883 каттамы Нижний Новгород шаарындагы аэродромго багытталды. Ошондой эле Бишкектен Москвага учуп бара жаткан К91701 каттамы да ошол жерге конду.

Ал эми Aeroflot авиакомпаниясы Москва – Бишкек – Москва багыты боюнча SU1886/1887 каттамдарын жокко чыгарды.
Ural Airlines авиакомпаниясынын U62803/2804 каттамы кечигүүдө. Учактын Москвага болжолдуу келүү убактысы – саат 18:10, ал эми кайра учуп чыгышы – Москва убактысы боюнча саат 19:20 деп күтүлүүдө.

“Кыргызстандын аэропорттору” ААКсы каттамдар боюнча маалыматтар жаңы маалыматтар түшкөн сайын жаңыланып турарын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Жайыттарды бузган 109 факты аныкталып, 600 миң сомго жакын айып салынды

Жайыттарды бузган 109 факты аныкталып, 600 миң сомго жакын айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жайыттарды коргоо боюнча рейддик иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүп жатат. Министрлер Кабинетинин №330 токтомунун талаптарына ылайык өткөрүлүп жаткан рейддердин жүрүшүндө жыл башынан бери жайыттарды пайдалануу эрежелерин бузган 109 факты аныкталды. Анын негизинде мыйзам бузгандарга жалпы 600 миң сомго жакын административдик айып пул

Мурат Тыныстанов: “Алгачкы дивиденддерден кийин акцияларга кызыгуу артты”

Мурат Тыныстанов: “Алгачкы дивиденддерден кийин акцияларга кызыгуу артты”

Кыргызстанда IPO аркылуу 1 млрд 634 млн сом инвестиция тарткан “Азия Сталь” металлургиялык заводу акционерлерине алгачкы дивиденддерин төлөп берди. Ишкананын башкы директору Мурат Тыныстановдун айтымында,  биринчи төлөмдөрдөн кийин инвесторлордун ишеними бекемделип, акцияларга болгон кызыгуу дагы арткан. Биз аны менен алгачкы дивиденддердин жыйынтыгы, ички инвесторлордун ролу, артыкчылыктуу акциялардын өзгөчөлүгү жана Кыргызстанда

"Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жолу: Бажы жол-жоболору жөнөкөйлөтүлөт

"Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жолу: Бажы жол-жоболору жөнөкөйлөтүлөт

Күн мурун Мамлекеттик бажы кызматында мекеменин төрагасынын биринчи орун басары Улан Кимсанов менен "Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол компаниясы" ЖЧКсынын башкы директору Гун Хунъюндун жумушчу жолугушуусу өттү. Жолугушууда Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушуна арналган товарларды өткөрүүдө бажылык башкарууну өркүндөтүү жана бажы жол-жоболорун оптималдаштыруу маселелери каралды. Тараптар

"Мамлекеттик финансылык холдинг" бир жылда 45 млрд сомдон ашык насыя берди

"Мамлекеттик финансылык холдинг" бир жылда 45 млрд сомдон ашык насыя берди

Бүгүн "Мамлекеттик финансылык холдинг" ААКсынын Финансылык-кредиттик фонддон кайра түзүлгөнүнө бир жыл болду. Ал эми уюмдун жалпы тарыхы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык-кредиттик фонд түзүлгөн учурдан тартып 29 жылды камтыйт. 2025-жылдын 17-июлунда Министрлер Кабинетинин токтому менен "Мамлекеттик финансылык холдинг" ААКсы түзүлүп, анын