Депутаттар жараксыз абалдагы социалдык обьекттердин маселесин көтөрүштү

Депутаттар жараксыз абалдагы социалдык обьекттердин маселесин көтөрүштү

Жогорку Кеңештин "Ар кандай маселелер" саатында депутаттар социалдык-экономикалык маселелерди көтөрүштү. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Депутат Дастан Бекешев Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн эски лифттерин алмаштыруу маселесинде өкмөттүн жардамын сурады.

“Бишкекке жылына 5000 лифт керек экен. Ага шаардын бюджети жетишсиз, бул багытта өкмөт аз пайыздуу кредит берүү маселесин карап чыкса”,- деди ал.

Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Ош облусунун Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолундагы кышкы абалды көзөмөлдөөнү күчөтүүнү табыштады.  Ошол эле учурда эл өкүлү калктын ден соолугун сактоого көңүл буруп:

“Арам өлгөн малдын этин саткандарга каршы катуу чаралар көрүлүшү зарыл. Күнүнө тонналаган эт сатылса, алардын бир канчасы ооруп өлгөн малдын эти экен. Мунун кесепетинен ар түрдүү оорулар пайда болууда”, - деди депутат.

Жатак мектептерде билим алган окуучулардын тамак ашына каралган каражаттарды көбөйтүү маселесин айткан депутат Сеидбек Атамбаев:

“Министрлер кабинетинде бул багытта токтом даярдалып жатыптыр. Эгер ал ишке ашса, өлкөдөгү 458 миң башталгыч класстын окуучулары ысык тамак менен толук кандуу камсыз болмок”, - деди.

Депутат Чыңгыз Ажибаев Лейлек районундагы сугат жана таза суу жетпеген айылдардын маселесин көтөрдү. Мындан тышкары эл өкүлү региондо турак жай менен камсыздоо көйгөйлөрүн чечүүдө жерлерди трансформациялоо маселесин эртерек кароо жагдайын белгиледи.

Депутат Талайбек Масабиров Япониянын жардамы менен келген көчмө томографиялык аппараттардын жардамында Нарында бир катар айыл тургундары ден соолугуна кам көргөнүн айтып, бул үчүн колдоо көрсөткөн тарапка ыраазычылык билдирди. 

Депутат Надира Нарматова Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан берилген протоколдук тапшырмалардын аткарылышына көңүл буруп, айрымдары жоопсуз калып жатканын айтты. Ошондой эле ал Ноокат районунун аймагында авариялык абалдагы мектеп жана бала бакчаларды оңдоо талабын белгиледи.

Депутат Айбек Маткеримов  Сузак районунун Сузак айылындагы “Жомок” жана “Шумкар” балдар бакчасынын жамаатынын кайрылуусун жеткирди. Анда имараттары капиталдык оңдоого муктаждыгы айтылган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдайт. Учурда ишкананын адистери тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен оңдоп-түзөөнүн алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн:

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокат районунда беш жаңы социалдык объекттин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Курулуп жаткан имараттардын катарында Зулпуев айыл аймагындагы заманбап спорттук стадион, Кулатов айыл аймагындагы Апшыр-Ата орто мектеби, ошондой эле Эргешов жана Колдошев атындагы орто мектептер жана Уркуя Салиева атындагы тарыхый-маданий музей бар.

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек арадагы ветеринардык көзөмөл постторунун ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору А. Сотовалдиевдин иш сапарынын жүрүшүндө “Кызыл-Бел”, “Кызыл-Кыя” жана “Достук” мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөл посттору, ошондой эле “Кара-Суу”