Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды
Ноокат районунда беш жаңы социалдык объекттин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Курулуп жаткан имараттардын катарында Зулпуев айыл аймагындагы заманбап спорттук стадион, Кулатов айыл аймагындагы Апшыр-Ата орто мектеби, ошондой эле Эргешов жана Колдошев атындагы орто мектептер жана Уркуя Салиева атындагы тарыхый-маданий музей бар.
Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев бул объектилер аймактагы билим берүү, спорт жана маданий өнүгүүгө олуттуу салым кошорун белгиледи.
Анын айтымында, жаңы мектептер жана спорттук объекттер жаштардын билим алуусуна жана ден соолугун чыңдоого шарт түзөт, ал эми музей аймактын маданий мурасын сактоого багытталган.



