Ысык-Көл облусунда УКМКнын башкармалыгынын жаңыланган имараты ачылды
![Ысык-Көл облусунда УКМКнын башкармалыгынын жаңыланган имараты ачылды](/content/images/size/w1200/2024/01/420069497_858123942988908_6079492752078763833_n.jpg)
Ысык-Көл облусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкармалыгынын капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн имараты ачылды. Бул тууралуу президенттин аппараты билдирди.
Такталгандай, капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн имарат 1976-жылы курулган.
Дээрлик жарым кылымды чамалаган бул имаратта капремонт жүргүзүлгөн эмес. УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана кызматкерлердин ишине тийиштүү шарттарды түзүп берүү максатында жалпысы 2 миң чарчы метрден ашык имарат толугу менен оңдолуп-түзөлүп, 544 чарчы метрди түзгөн кошумча имарат курулду. 517 чарчы метрлик спорт залы дагы оңдолуп-түзөлдү. 1000 чарчы метрге асфальт төшөлдү.
![](https://im.kg/content/images/2024/01/419289235_858124266322209_6707714829240404719_n.jpg)
![](https://im.kg/content/images/2024/01/419280554_858124496322186_3159895699236086455_n.jpg)
![](https://im.kg/content/images/2024/01/419239620_858124459655523_6849053572811455249_n.jpg)
![](https://im.kg/content/images/2024/01/419233108_858124149655554_5087998350418600596_n.jpg)
![](https://im.kg/content/images/2024/01/419230982_858124589655510_835050062015417630_n.jpg)
![](https://im.kg/content/images/2024/01/419221381_858124002988902_8574255489427205207_n.jpg)
![](https://im.kg/content/images/2024/01/420069497_858123942988908_6079492752078763833_n-1.jpg)