Ош базарындагы "Берекет" комплекстеринин негиздөөчүсү жана башкы директору кармалды

Ош базарындагы "Берекет" комплекстеринин негиздөөчүсү жана башкы директору кармалды

Бишкектеги «Берекет Гранд» жана «Берекет Универсал» соодагерлерине карата өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Такталгандай, 2017-жылдан азыркы убакытка чейин, «Берекет» ЖАКтын жетекчилери Б.Б.К. жана А.И.Ж., алдамчылык аракеттерди жасоо максатында кылмыштуу бүтүмгө кирип, ижарачыларды укук белгилөөчү документтерди бербестен аларды токтотуу коркунучу астында, соода комплекстериндеги коммерциялык жайларды сатып алуу-сатуу боюнча жалган келишимдерди түзүүгө мажбурлашкан, алардын баасы чарчы метри үчүн 500дөн 2000 АКШ долларына чейин болгон.

Мынтан тышкары, соодагерлердин эсебинен мыйзамсыз баюу максатын көздөп, ЖАКтын администрациясы соодагерлерди соода-сатык келишимдерин түзүүдө, ЖАКтын администрациясы жеке максаттарын пайдаланып 500дөн 1000 АКШ долларына чейин көмүскө компенсацияларды төлөөгө мажбурлаган. Соода аянтчаларын жасалма сатуудан кийин ишкерлерден өзгөчө ири өлчөмдөгү ижара төлөмдөрү да алынган. Коммерциялык жайлардын жасалма ээлери өз жерлерин башкаларга кайра саткан учурларда, акыркысы, «Берекет» ЖАКтын демилгеси жана мажбурлоосу боюнча, ачыктан-ачык жагымсыз шарттарда, аталган жерди «Берекет Гранд» соода комплекси» кайра каттоо үчүн 100 миң сом жана соода аянтын сатуудан түшкөн пайданын 50 пайызын («Берекет Универсал» соода борборуна) төлөп беришкен, бул бизнес жүргүзүү үчүн оор шарттарды түзгөн. Ошол эле учурда бул соода комплекстеринде ишкерлерге тиешелүү шарттар түзүлгөн эмес.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында 2024-жылдын 19-январында соода аянтын ижарага берүү жана сатуу үчүн алдамчылык жана мыйзамсыз түрдө акча чогулткан «Берекет» ЖАКтын негиздөөчүсү Б.Б.К. жана АКнын президенти А.И.Ж. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Өз кезегинде, соодагерлер үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында ижара акысынын 30% арзандагандыгы тууралуу маалымат каражаттарына такталбаган маалымат таратышып, «Берекет» ЖАК ижарачылардын 90%ы үчүн ижара акысын 10% гана төмөндөтүшкөн.

Азыркы учурда бул фактыга тийешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Баткендеги катуу шамалдын кесепети 16 млн сом чыгымга учуратты

Баткендеги катуу шамалдын кесепети 16 млн сом чыгымга учуратты

27-июнда Баткен шаарында, ошондой эле Баткен жана Лейлек райондорунун аймагында катуу шамал болуп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 27–28 метрге чейин жетти. Бул тууралуу президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жаратылыш кырсыгынын кесепетинен айрым турак үйлөрдүн жана социалдык объектилердин чатырлары жабыркап, башка материалдык чыгымдар

Нарындагы мыйзамсыз курулган тосмолор буздурулууда

Нарындагы мыйзамсыз курулган тосмолор буздурулууда

Нарын шаарынын Жаңы Жол чөлкөмүндө мыйзамсыз тосулуп алынган жер аянттарын кайтарып алуу максатында дубал тосмолор жана сарайлар бузулууда. Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматынын айтымына караганда, “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо” жөнүндөгү президенттин 109 -Жарлыгынын алкагында мыйзамсыз курулуштарды аныктоо, бузуу боюнча жарандарга билдирүүлөр да

Кыргызстан менен Пакистан соода-экономикалык  долбоорлорду ишке ашырат

Кыргызстан менен Пакистан соода-экономикалык долбоорлорду ишке ашырат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Пакистандын Лахор шаарындагы Кыргызстандын ардактуу консулу менен жолугушту. Аталган мекеменин маалыматына ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташуунун келечектүү багыттары талкууланды. Пакистан тарап Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, артыкчылыктуу тармактары жана инвесторлор үчүн каралган мамлекеттик колдоо чаралары менен таанышты. Равшанбек Сабир

“Кыргыз Петролеум Компаниясын” жаңылоого 409,9 млн доллар каралган

“Кыргыз Петролеум Компаниясын” жаңылоого 409,9 млн доллар каралган

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Манас шаарында өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу май маселелерине байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жана мунай менен иш алып барган бир катар жеке компаниялардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрдү.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, отурумда негизинен “Кыргызнефтегаз”