Базар-Коргондо 20.3 млн сомдук жер тилкеси мыйзамсыз сатылган – Башкы прокуратура

Базар-Коргондо 20.3 млн сомдук жер тилкеси мыйзамсыз сатылган – Башкы прокуратура

Базар-Коргон райондук Жер ресурстар кызматынын филиалынын кызматкерлери тарабынан абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, түзүлгөн коррупциялык схеманын негизинде жаранга мыйзамсыз жер тилкесин менчикке берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Тактап айтканда, райондук мамлекеттик архивдин кызмат адамдары мамлекеттик архив фондусунун сактоосунда жок болгон, «Кеңеш» айыл өкмөтүнүн 1999-жылдагы Г.К. аттуу жаранга 1,5 га жер тилкеси берүү жөнүндөгү жасалма буйругун жана жер тилкесин сатуу-сатып алуу жөнүндө жасалма келишимин мамлекеттик архивге мыйзамсыз киргизишкен.

Ал эми, 2023-жылдын ноябрь айында Жер ресурстар кызматынын Базар-Коргон филиалы жогорудагы жасалма документтердин негизинде Базар-Коргон шаарына караштуу Совет айылынын Суу-Башы участкасындагы базар баасы 20 млн 363 миң сомго бааланган 1,5 га жер тилкесин Г.К.нын наамына мыйзамсыз каттап, жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысын берген.

Аталган факты боюнча Базар-Коргон райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүү Базар-Коргон РИИБнүн тергөө кызматына тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

40 көйгөйлүү турак жайдын ээлерине шайкештик актылары тапшырылды

40 көйгөйлүү турак жайдын ээлерине шайкештик актылары тапшырылды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары Болот Чолпонбаев Бишкектеги 38 көп кабаттуу турак жайдын жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы 2 көп кабаттуу үйдүн жашоочуларына шайкештик актыларын тапшырды. Аталган министрликтин маалыматына ылайык, бул иштер президент Садыр Жапаров берген тапшырманын негизинде жүргүзүлүүдө. Жолугушууда Болот Чолпонбаев бул

Жалал-Абад облусунда жолдор сел калдыктарынан тазаланды

Жалал-Абад облусунда жолдор сел калдыктарынан тазаланды

22-июнда Жол тейлөө ишканалары тарабынан селдин кесепеттерин ыкчам жоюу жана унаа жолдорун калыбына келтирүү иштери өз убагында аткарылды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, Ленин – Жол – Казар – Мазар – Сере унаа жолунун 10–10,3-чакырымдарында селден кийин жол тазаланып, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү. Маданият – Майлуу-Суу унаа жолунун

“Ала-Тоо Резорт” долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрүлдү

“Ала-Тоо Резорт” долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрүлдү

Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылындагы В1 жана В2 асма аркан жолдорунун техникалык ачылышынын алдында “Ала-Тоо Резорт” жыл бою иштей турган тоо-лыжа кластерин ишке ашыруу боюнча көчмө кеңешме өттү. Маалыматка ылайык, кеңешме президенттик администрациясынын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиевдин төрагалыгы алдында өттү. Жыйынга долбоорду ишке ашырууга катышкан негизги министрликтердин

Алайда 37 млн сомго спорт комплекси курулуп жатат

Алайда 37 млн сомго спорт комплекси курулуп жатат

Алай районундагы Сопу-Коргон айылында жаңы спорт комплекси курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык казынадан каржыланып, жалпы наркы 37 миллион сомду түзөт. Жаңы спорт комплекси заманбап талаптарга жооп берип, анын ичинде волейбол жана баскетбол аянтчалары, машыгуу залы каралган. Ошондой эле