40 көйгөйлүү турак жайдын ээлерине шайкештик актылары тапшырылды

40 көйгөйлүү турак жайдын ээлерине шайкештик актылары тапшырылды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары Болот Чолпонбаев Бишкектеги 38 көп кабаттуу турак жайдын жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы 2 көп кабаттуу үйдүн жашоочуларына шайкештик актыларын тапшырды.

Аталган министрликтин маалыматына ылайык, бул иштер президент Садыр Жапаров берген тапшырманын негизинде жүргүзүлүүдө.

Жолугушууда Болот Чолпонбаев бул чечим жарандардын көп жылдан бери чечилбей келген турак жай маселелерин жөнгө салуудагы маанилүү кадам экенин айтты. Ал ошондой эле жашоочуларды куттуктап, тиешелүү документтерди расмий түрдө тапшырды.

Белгиленгендей, айрым турак жайлар 10–15 жыл мурда курулганы менен курулуш компаниялары тарабынан расмий пайдаланууга берилбей калган. Натыйжада батир ээлери ушул күнгө чейин турак жайларын өз атына каттай албай, документтерди алууда бир катар кыйынчылыктарга туш болуп келишкен. Мындан тышкары, алар электр энергиясы, жылуулук жана башка коммуналдык кызматтар үчүн көп жылдар бою коммерциялык тариф менен төлөп келишкен.

Жалпысынан 40 үйгө тиешелүү документтер тапшырылып, аларды мыйзамдаштыруу маселелерин чечүү багытында маанилүү кадам жасалганы айтылды.

Курулуш министрлиги көйгөйлүү көп кабаттуу турак жайларга байланышкан маселелерди чечүү иштерин мындан ары да улантарын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

“Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасы түзүлөт

“Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасы түзүлөт

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында өкмөттүн кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден кабарлады. Маалыматка караганда, отурумда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы “Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө Министрлер

Ишкер Media
Өлкөдө кайра инвестицияланган пайдага салык салуу эрежелери жеңилдетилет

Өлкөдө кайра инвестицияланган пайдага салык салуу эрежелери жеңилдетилет

Кыргызстанда кайра инвестицияланган пайдага, кошумча наркы жогору жана технологиялык терең кайра иштетүүгө негизделген продукцияларды чыгарган ишканаларга салык салуу эрежелерин жеңилдетүү пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн республикалык кеңешмеде билдирди. Мамлекет башчысы ишкерлердин кызыкчылыктарын эске алган жана салыктык башкарууну жөнөкөйлөткөн тең салмактуу саясат жүргүзүлөрүн айтты. Анын белгилешинче, санариптик чечимдерди киргизүү

Ишкер Media
КРУБ: Нак акчаны негизсиз кабыл албагандарга айып пул каралган, бирок автобустарга тиешеси жок

КРУБ: Нак акчаны негизсиз кабыл албагандарга айып пул каралган, бирок автобустарга тиешеси жок

Кыргызстанда нак акчаны төлөм катары негизсиз кабыл алуудан баш тарткан жеке жана юридикалык жактарга айып пул каралган. Бирок Бишкектеги муниципалдык автобустарда жол кирени нак акча менен төлөөгө мүмкүнчүлүк берилбегени мыйзам бузуу болуп эсептелбейт. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы “Ишкер медианын” суроолоруна берген жообунда билдирди. Улуттук банктын маалыматына ылайык,

Ишкер Media
Кыргызстан туризмди жыл бою киреше алып келген тармакка айлантууну көздөйт

Кыргызстан туризмди жыл бою киреше алып келген тармакка айлантууну көздөйт

Кыргызстан туризмди жыл бою иштеген кирешелүү тармакка айландырууну көздөйт. Бул тууралуу өлкө башчысы 21-октябрда борбор калаада өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Бул үчүн заманбап жана сапаттуу тейлөөнү камсыз кылуу, туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана саякатчылардын коопсуздугун камсыздоо негизги милдеттер катары белгиленди. Садыр Жапаров бул багытта "Ала-Тоо Резорт", "

Ишкер Media