Садыр Жапаров Абу-Даби өнүктүрүү фондунун жетекчилиги менен жолугушту

Садыр Жапаров Абу-Даби өнүктүрүү фондунун жетекчилиги менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Дубайда (Бириккен Араб Эмираттары) өткөрүлүп жаткан Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитинин алкагында Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммад Саиф Аль Сувэйди менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Анда ири инфраструктуралык, инвестициялык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Абу-Даби өнүктүрүү фондунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн ырааттуулугун канааттануу менен белгилеп, эки өлкө президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн Биргелешкен холдинг компаниясы каржылаган долбоорлорду тез арада ишке киргизүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Өз кезегинде Мухаммад Саиф Аль Сувэйди Фонддун ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын айтып, белгиленген пландарга жетүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоо ниетин билдирди жана Кыргызстан менен өз ара пайдалуу кызматташуунун потенциалы жетишилген макулдашуулардан алда канча жогорулаганын кошумчалады.

Аягында президент Садыр Жапаров өткөрүлгөн жолугушууга канааттангандыгын билдирип, өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнү сунуштады.

Мындан тышкары окуңуз

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адам катары акшлык Илон Маск турат. Анын бүгүнкү күндө 957 млрд долларлык байлыгы бар. Илон Масктан кийинки экинчи бай адам катары акшлык Лари Пейдж эсептелет. Ларри Пейдж Google компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси болуп саналат. Анын жалпы байлыгы 304 млрд долларды түзөт. 3-орунда 283 млрд доллар

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Баткен облусунун Зардалы айылында заманбап турак жайлар курулат. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасынан билдирди. Анын айтымында, мурда жетүүгө кыйын болгон аймактарда жашоо шарттарын жакшыртуу багытында иштер жүрүп жатат. Зардалы айылында акыркы жылдары электр энергиясы тартылып, уюлдук байланыш жана интернет ишке киргизилген, ошондой

КРдагы банктар 4 айда  9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРдагы банктар 4 айда 9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРнын Улуттук банкы өлкөнүн банк секторунун 2026-жылдын 30-апрелине карата өнүгүү тенденцияларын жарыялады. Ага ылайык, көрсөтүлгөн мезгилдин аралыгында 24 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иштеп турган жана алардын тапкан таза кирешеси 9,5 млрд сомго жеткен. Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, банк системасынын жалпы активдери төрт ай ичинде 28,

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

24-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азиядагы өкүлү Махир Сафарли менен жолугушту. Маалыматка ылайык, жолугушууда Досматов Кыргызстан качкындардын укуктарын коргоо жаатында эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып келерин белгилеп, Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосуна ыраазычылык билдирди.