Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат
Баткен облусунун Зардалы айылында заманбап турак жайлар курулат. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.
Анын айтымында, мурда жетүүгө кыйын болгон аймактарда жашоо шарттарын жакшыртуу багытында иштер жүрүп жатат. Зардалы айылында акыркы жылдары электр энергиясы тартылып, уюлдук байланыш жана интернет ишке киргизилген, ошондой эле унаа жолу курулган.
Орунбеков белгилегендей, буга чейин оор шарттарда жашаган тургундар үчүн президент Садыр Жапаров заманбап үйлөрдү куруу боюнча тапшырма берген.