КРдагы банктар 4 айда 9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРдагы банктар 4 айда  9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРнын Улуттук банкы өлкөнүн банк секторунун 2026-жылдын 30-апрелине карата өнүгүү тенденцияларын жарыялады. Ага ылайык, көрсөтүлгөн мезгилдин аралыгында 24 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иштеп турган жана алардын тапкан таза кирешеси 9,5 млрд сомго жеткен.

Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, банк системасынын жалпы активдери төрт ай ичинде 28,6 % өсүп, 1 трлн 558,1 млрд сомго жетти. Ал эми кардарларга берилген кредиттердин көлөмү 12,4 % көбөйүп, 570 млрд сомго жакындады.

Кредит портфелиндеги классификацияланган кредиттердин үлүшү 11,2 % жетип, алардын жалпы көлөмү 64 млрд сомду түзгөн. Ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен кредиттердин көлөмү 20,2 % өсүп, 10,5 млрд сомго жеткен.

Депозиттик база да өсүүнү улантып, жыл башынан бери 6,7 пайызга көбөйүү менен 924,1 млрд сомду түздү. Бул калк менен бизнестин банк секторуна болгон ишениминин жогору бойдон сакталып жатканын көрсөтүүдө.

Ал эми депозиттердин долларлашуу деңгээли төмөндөп, 28,8 пайызды түздү. Бул көрсөткүч жыл башындагы деңгээлден 5,9 пайыздык пунктка аз. Ал эми кредиттердин долларлашуу деңгээли 18,3 пайыз деңгээлинде өзгөрүүсүз калды.

Банк секторунун таза капиталы дагы олуттуу өсүп, 279,2 млрд сомго жетти. Капиталдын жетиштүүлүгү коэффициенти 31,7 %, ал эми ликвиддүүлүк коэффициенти 91,8 % түзүп, Улуттук банктын талаптарынан кыйла жогору деңгээлде сакталууда.

 

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media