Эмгек министринин орун басары Улан Чаначев кармалды – УКМК

Эмгек министринин орун басары Улан Чаначев кармалды – УКМК

КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Такталгандай, УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында үстүбүздөгү жылдын 21 –февралында КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Улан Чаначев кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда аталган министрликтин башка кызмат адамдарынын бул ишке катыштыгын аныктоого багытталган зарыл тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Мындан тышкары окуңуз

Лейлек районундагы мал союлуучу жайлар текшерилди

Лейлек районундагы мал союлуучу жайлар текшерилди

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын жетекчиси Адилет Сотовалдиев Лейлек районуна болгон иш сапарынын алкагында район аймагындагы мал союлуучу жайлардын жана мал базарларынын учурдагы абалы менен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө мал союлуучу жайлардагы ветеринардык-санитардык талаптардын аткарылышы, малдарды ветеринардык кароодон

Бишкекте №42 мектепке 385 орундуу кошумча корпус курулууда

Бишкекте №42 мектепке 385 орундуу кошумча корпус курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарында курулуп жаткан билим берүү объектилерин кыдырып, №42 мектептин 385 орундуу жаңы окуу корпусунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка таянсак, объекттин курулушу 2026-жылдын март айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоорго ылайык, үч кабаттуу

Өзбекстандан Кыргызстандын карамагына эки айыл өттү

Өзбекстандан Кыргызстандын карамагына эки айыл өттү

Бүгүнкү күндө Өзбекстан менен чек араларды демаркациялоо маалында мурда Өзбекстанга тиешелүү болуп келген эки айыл жашоочулары менен кошо (болжол менен 2500 адам) Кыргызстанга өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы билдирди. Маалыматка ылайык, мурда Фергана облусуна караштуу болуп келген Чоңгара жана Таш-Төбө айылдары Кыргызстандын карамагына өттү. Бул айылдарда этникалык

Баткенде мигранттардын долбоорлору аркылуу 100дөн ашык жумуш орду түзүлдү

Баткенде мигранттардын долбоорлору аркылуу 100дөн ашык жумуш орду түзүлдү

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов Эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандагы жана Казакстандагы өкүлдөрү менен жолугушту. Өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, делегация Баткенге Улуу Британиядан кайтып келген эмгек мигранттарынын ишкердик демилгелерин колдоо долбоорунун жыйынтыгын карашты. 2023–2025-жылдары “1+1” механизми аркылуу мекенге кайтып келген 59 жарандын бизнес-пландары каржыланып, алардын 39у