Садыр Жапаров Казанда Владимир Путин менен жолукту
Президент Садыр Жапаров 21-февралда, Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын Президенти Россиянын өкмөттүк делегациясын Кыргызстанда 2024-жылдын күзүндө өтө турган Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган мамлекеттик деңгээлдеги салтанаттуу иш-чараларга катышууга чакырды.
Жыйынтыгында тараптар кыргыз-россия мамилелерин тереңдетүүгө өз ара умтулууларын ырасташты.