Айыл чарба министрлигине жаңы техника тапшырылды

Айыл чарба министрлигине жаңы техника тапшырылды

2024-жылдын 26-февралында «Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруунун алкагында Тоң, Жети-Ѳгүз, Кочкор, Жумгал райондук суу чарба башкармалыктарына сугат системаларын тейлөө үчүн атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Такталгандай, аталган техникалардын жалпы сумма 87 млн сомду түздү. Долбоордун алкагында орточо кубаттуулугу 3.5 млн м3 болгон 3 суу сактагычты (Уч-Коргон БСРи Тоң районунда, Шамшы БСРи Кочкор районунда, Түгѳл-Сай БСРи Жумгал районунда) куруу мерчемделген, мындан сырткары Жети-Ѳгүз районунда Арабел-Суу дарыясынан Жуука дарыясына сууну которуп алуу каралган.

Долбоордо 125 км жаңы ирригациялык тутумдарын куруу каралган. Суу сактагычтардын курулушу менен фермерлерге сугат сууну жеткирип берүүгѳ кепилдик пайда болот жана мындан сырткары 6 миң гектар жаңы сугат жерлери ишке киргизилип, 14.6 миң гектар жердин сугат суу менен камсыз болуусу жогорулайт. Натыйжада региондогу суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Шаньдун провинциясы кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

Кыргызстан менен Шаньдун провинциясы кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

Президентинин атайын тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясынын ККП комитетинин катчысы Линь У менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда Кыргызстандын аймактары менен Шаньдун провинциясынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Тараптар транспорттук инфраструктура, энергетика, өнөр жай, айыл чарба жана логистика тармактарында биргелешкен

17-июнда Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу өчүрүлөт

17-июнда Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу өчүрүлөт

Бишкек шаарынын айрым аймактарында 17-июнь саат 09:00дөн 18-июнь саат 06:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэрия билдирди. Маалыматка ылайык, суу Көк-Жар суу топтомосундагы оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт. Суу өчүрүлө турган аймактар: Темир жол линиясынан – Раззаков, Бөкөнбаев, Панфилов, Фрунзе, Гоголь, Жумабек, Сүйүмбаев, Осмонкулов көчөлөрү

Кыргызстандын БУУдагы демилгелери: мөңгүлөрдү сактоо, климаттын өзгөрүшү

Кыргызстандын БУУдагы демилгелери: мөңгүлөрдү сактоо, климаттын өзгөрүшү

Гкерманияда БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Бонн процесси алкагында президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова баштаган Кыргызстандын делегациясы глобалдык климаттык сүйлөшүүлөрдө тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча иштерге катышууда.  Президенттин расмий сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, Кыргызстандын демилгеси менен “Тоолор жана климаттын өзгөрүшү боюнча эл аралык диалог” өткөрүлдү.

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күнгө газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күнгө газ өчүрүлөт

16-18-июнь күндөрү Бишкек шаарындагы төмөнкү басымдагы жер астындагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу айрым көчөлөрдө жана конуштарда жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. "Бишкекгаз" кызматынын маалыматына ылайык, газ берүү ЧЧК, КЧК, Коммунаров, Жаз, Алтын-Бешик, Мыскал, Мидин, Насыйкат, Хмельницкий, Новосельская, Аул жана Широкий көчөлөрүндө убактылуу токтотулат. "Бишкекгаз&