Кыргызстандын БУУдагы демилгелери: мөңгүлөрдү сактоо, климаттын өзгөрүшү

Кыргызстандын БУУдагы демилгелери: мөңгүлөрдү сактоо, климаттын өзгөрүшү

Гкерманияда БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Бонн процесси алкагында президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова баштаган Кыргызстандын делегациясы глобалдык климаттык сүйлөшүүлөрдө тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча иштерге катышууда. 

Президенттин расмий сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, Кыргызстандын демилгеси менен “Тоолор жана климаттын өзгөрүшү боюнча эл аралык диалог” өткөрүлдү. Ага 30дан ашуун мамлекеттин өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, жарандык коом, илимий чөйрө жана жергиликтүү жамааттар катышты.

Талкууда тоолуу аймактардын климаттык күн тартибинде өзгөчө ордун бекемдөө, мөңгүлөрдү сактоо, адаптация мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана климаттык каржылоого жеткиликтүүлүктү жакшыртуу маселелери көтөрүлдү.

Кыргыз тарап тоо маселелерин системалуу түрдө калыбына келтирүү зарылдыгын белгилеп, тоолуу өлкөлөрдүн өзгөчө муктаждыктарына көңүл бурууга чакырды. Диалогдун жыйынтыктары COP31 конференциясында кароого сунуштала турган отчетко киргизилет.

Мындан тышкары, 10-июнда Андорра, Кыргызстан, Непал жана Бутан өлкөлөрү Тоо өнөктөштүгүнүн катчылыгы менен биргеликте “Тоолор жана климаттын өзгөрүшү маселелерин илгерилетүү” аттуу тематикалык иш-чара өткөрүштү. Анда SBSTA 64 диалогу, COP31ге даярдык жана кийинки кадамдар талкууланды.

Динара Кемелова Кыргызстандын тоолуу аймактардын климаттык туруктуулугун чыңдоо боюнча демилгелерин тааныштырып, атайын каржылык механизмдерди түзүү, климаттык карыз алмашуу инструменттерин өнүктүрүү жана адаптациялык программаларды кеңейтүү сунуштарын ортого салды.

Ошондой эле Кыргызстандын төрагалыгы астындагы Тоо тобу COP31дин төрагалыгы болгон Түркия жана Австралия менен консультацияларды өткөрүп, тоо күн тартибин илгерилетүү, климаттык каржылоону кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Кыргыз-Корея климаттык кызматташтык боюнча биргелешкен комитетинин биринчи жыйыны да өтүп, анда парник газдарын кыскартуу, кайра жаралуучу энергия, климаттык каржылоо жана туруктуу өнүгүү жаатындагы долбоорлор талкууланды.

Иш-чаралардын жүрүшүндө кыргыз делегациясы “Бишкек+25” Экинчи Глобалдык Тоо саммити тууралуу маалымат берип, бул демилге тоолуу өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсү үчүн жаңы эл аралык диалог аянтчасы болорун белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Баткендин Чек айылында жаңы ичүүчү суу системасы курулууда

Баткендин Чек айылында жаңы ичүүчү суу системасы курулууда

Ичүүчү суу менен камсыздоо департаменти тарабынан Баткен облусунун Чек айылында жаңы ичүүчү суу системасы курулууда. Долбоор аяктаса, 5 миңден ашуун тургун таза жана коопсуз суу менен камсыз болот. Бул тууралуу Айыл чаба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, долбоор "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" программасынын алкагында ишке ашууда. Учурдагы

Ишкер Media
Бишкекте 5 автобус каттамы убактылуу өзгөрөт

Бишкекте 5 автобус каттамы убактылуу өзгөрөт

Бүгүндөн тарта Бишкектеги Махатма Ганди көчөсүндө жол оңдоо иштерине байланыштуу транспорт кыймылы чектелет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. Билдрирүүгө караганда, ага байланыштуу №6, 36 жана 169-автобустар Гагарин көчөсү аркылуу жүрүп, №4 шаардык ооруканага кирбей өтөт. Ошондой эле №23 жана 18-автобустардын схемасы өзгөрөт. Борбор калаанын мэриясы шаар

Ишкер Media
ЖК комитети Токтогул ГЭСин куруудагы компенсацияны көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

ЖК комитети Токтогул ГЭСин куруудагы компенсацияны көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычты курууда келтирилген зыян үчүн компенсациянын көлөмүн көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Парламенттин маалыматына караганда, аталган мыйзам долбоорун ЖКнын Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети 20-октябрдагы жыйынында карап,

Ишкер Media
Жоокерлерди үйүнүн курулушуна иштеткен командир кармалды

Жоокерлерди үйүнүн курулушуна иштеткен командир кармалды

Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Улуттук гвардиясынын аскер бөлүгүнүн командири кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлайт. Маалым болгондой, УКМК менен Аскер прокуратурасы биргеликте Коргоо министрлигинин Улуттук гвардиясынын аскер бөлүктөрүнүн биринин командири И.А.нын жеке үйүнүн курулушуна өзүнө баш ийген келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерин системалуу

Ишкер Media