17-июнда Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу өчүрүлөт

17-июнда Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу өчүрүлөт

Бишкек шаарынын айрым аймактарында 17-июнь саат 09:00дөн 18-июнь саат 06:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, суу Көк-Жар суу топтомосундагы оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Суу өчүрүлө турган аймактар: Темир жол линиясынан – Раззаков, Бөкөнбаев, Панфилов, Фрунзе, Гоголь, Жумабек, Сүйүмбаев, Осмонкулов көчөлөрү – Аламүдүн суусуна чейинки аймак;
Көк-Жар суу топтомосунан – М. Горький көчөсүнөн төмөн жагы, Л. Толстой көчөсүнө чейин, Матросов көчөсүнүн батыш тарабы,
7-Апрель көчөсүнүн чыгыш тарабы;
М. Горький көчөсүнөн – 7-Апрель көчөсү – Улан-2 кичи району – Аламүдүн суусу – Суванбердиев, Шүкүров, Скрябин, Бектенов көчөлөрүнө чейинки аймак.

Шаар тургундарына ичүүчү сууну алдын ала камдап алуу сунушталды.

Мындан тышкары окуңуз

Баткендин Чек айылында жаңы ичүүчү суу системасы курулууда

Баткендин Чек айылында жаңы ичүүчү суу системасы курулууда

Ичүүчү суу менен камсыздоо департаменти тарабынан Баткен облусунун Чек айылында жаңы ичүүчү суу системасы курулууда. Долбоор аяктаса, 5 миңден ашуун тургун таза жана коопсуз суу менен камсыз болот. Бул тууралуу Айыл чаба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, долбоор "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" программасынын алкагында ишке ашууда. Учурдагы

Ишкер Media
Бишкекте 5 автобус каттамы убактылуу өзгөрөт

Бишкекте 5 автобус каттамы убактылуу өзгөрөт

Бүгүндөн тарта Бишкектеги Махатма Ганди көчөсүндө жол оңдоо иштерине байланыштуу транспорт кыймылы чектелет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. Билдрирүүгө караганда, ага байланыштуу №6, 36 жана 169-автобустар Гагарин көчөсү аркылуу жүрүп, №4 шаардык ооруканага кирбей өтөт. Ошондой эле №23 жана 18-автобустардын схемасы өзгөрөт. Борбор калаанын мэриясы шаар

Ишкер Media
ЖК комитети Токтогул ГЭСин куруудагы компенсацияны көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

ЖК комитети Токтогул ГЭСин куруудагы компенсацияны көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычты курууда келтирилген зыян үчүн компенсациянын көлөмүн көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Парламенттин маалыматына караганда, аталган мыйзам долбоорун ЖКнын Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети 20-октябрдагы жыйынында карап,

Ишкер Media
Жоокерлерди үйүнүн курулушуна иштеткен командир кармалды

Жоокерлерди үйүнүн курулушуна иштеткен командир кармалды

Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Улуттук гвардиясынын аскер бөлүгүнүн командири кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлайт. Маалым болгондой, УКМК менен Аскер прокуратурасы биргеликте Коргоо министрлигинин Улуттук гвардиясынын аскер бөлүктөрүнүн биринин командири И.А.нын жеке үйүнүн курулушуна өзүнө баш ийген келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерин системалуу

Ишкер Media