Таластын бюджетинде 292.2 млн сомго каржылык бузуулар аныкталды

Таластын бюджетинде 292.2 млн сомго каржылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасы Таластын бюджетине жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча – 292 млн 211.7 сом каржы бузууларды аныктады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча, бардыгы – 292 млн 211,7 сом каржылык бузуулар аныкталган, анын ичинде:

•       мөөнөтүндө төлөнбөгөн бюджеттик ссуда 2 млн сом;

•       эмгек акы жана башка төлөмдөр боюнча бузуулар – 3 млн 364,8 сом, анын ичинде: штаттан ашыкча бирдиктерди киргизүү – 393,3 миң сом, жумуш орундарын аттестациялоосуз, компьютерде иштегендиги үчүн – 356,2 миң сом өлчөмүндөгү үстөк акы негизсиз төлөнгөн, негизсиз төлөнгөн сый акылар жана сыйлоолор – 2 млн 615,3 сом;

•       жумуштун көлөмүнүн жана аткарылган курулуш-монтаждоо иштеринин наркынын жогорулатылышы – 325,5 миң сом;

•       товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастары жана эсептөөдөгү каражаттар – 76,8 миң сом;

•       ченемдик укуктук актыларда жана келишимдерде (контракттарда) каралган белгиленген өлчөмдөн ашык, аткарылган иштердин актылары жок – 418,9 миң сом суммасындагы аванстык төлөмдөр которулган;

•       пландалган максаттарга жетпестен, каражаттардын рационалдуу эмес чыгымдалышы – 415,1 миң сом;

•       депозиттик эсепте талап кылынбаган – 5,6 миң сом өлчөмүндө калдык;

•       эсеп берме жактардан акча каражаттарын жана материалдык баалуулуктарды аванстык отчетторсуз негизсиз эсептен чыгаруу – 187,5 миң сом;

•       негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу, негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин эскиришин эсептөөдөгү бузуулар. Белгиленген тартипте эсепке алынбаган, кириштелбеген мамлекеттик (муниципалдык) мүлк: 2022-жылга наркы – 283 млн 542,6 сом болгон курулмалар жана имараттар эсепке алынган эмес;

•       бухгалтердик эсепте негизги каражаттарды баланстан чыгаруу боюнча мыйзам талаптарынын сакталбагандыгы – 461,0 миң сом;

•       материалдык эмес активдерди эсепке алуу боюнча мыйзам талаптарынын сакталбагандыгы – 30,0 миң сом;

•       эсеп боюнча жашырылган дебитордук карыз – 185,0 миң сом;

•       мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзам бузуулар – 1 млн. 198,9 сом.

Мындан тышкары, аудитте негизги каражаттарды кириштөө, негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин эскиришин эсептөө тартибин бузуу аныкталган. Белгиленген тартипте эсепке алынбаган, кириштелбеген мамлекеттик (муниципалдык) мүлк: Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесин бузуу менен, "Таза Суу" муниципалдык ишканасында, 2022-жылга жалпы жылдык кирешесинин курамына ишканага кайтарымсыз берилген наркы – 283 млн 542,6 сом болгон курулмалар жана имараттар (суу түтүктөрү) киргизилген эмес. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы кирешени бул суммага көбөйтүү менен Талас шаары боюнча МСКБга такталган отчет түзүлүп берилди.

Талас шаарынын мэриясынын бардык аудит жүргүзүлгөн түзүмдүк бөлүнүштөрүнө аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн жазма буйруктар жөнөтүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Өрүктү айылында 132 млн сомго 275 орундуу мектеп салынды

Өрүктү айылында 132 млн сомго 275 орундуу мектеп салынды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Өрүктү айылында 275 орундуу жалпы билим берүүчү орто мектеп курулду. Окуу жай сентябрдан баштап пайдаланууга берилет. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдиргендей, имараттын курулушу мамлекеттик казынадан каржыланып, жалпы наркы 132 миллион сомду түздү. Долбоорго ылайык, мектептин жалпы аянты 1 665 чарчы

Балык чарбасы жылына 2 миң тоннага чейин балык өндүрүүнү мерчемдөөдө

Балык чарбасы жылына 2 миң тоннага чейин балык өндүрүүнү мерчемдөөдө

Президент Садыр Жапаров 1-июлда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарынын Пристань конушунда курулуп жаткан заманбап балык чарбасынын жана кеме чогултуу комплексинин инвестициялык долбоорлору менен таанышты. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, мамлекет башчысына Ысык-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн калыбына келтирүүгө багытталган балык чарбасын куруу долбоору

Өлкөнү күйүүчү май менен туруктуу камсыздоо чаралары күчөтүлдү

Өлкөнү күйүүчү май менен туруктуу камсыздоо чаралары күчөтүлдү

Энергетика министрлиги өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу майлардын абалын күн сайын көзөмөлдөп, ички рынокту үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүп жатканын билдирди. Маалыматка ылайык, дүйнөлүк энергетикалык рыноктогу өзгөрүүлөр, Жакынкы Чыгыштагы геосаясий чыңалуу, эл аралык логистикалык тобокелдиктер жана мунайдын дүйнөлүк баасынын өсүшү ички рынокко таасирин тийгизип жатат. Өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо максатында Министрлер

Кыргызстан менен Корея токойлорду калыбына келтирүү боюнча кызматташат

Кыргызстан менен Корея токойлорду калыбына келтирүү боюнча кызматташат

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын делегациясы Кореяда иш сапар менен болуп, эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Токой кызматы билдиргендей, делегацияны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Жумалиев жетектеди. Иш-чаранын жүрүшүндө Кореянын Токой кызматынын министри Пак Ын Сик баштаган расмий өкүлдөр менен жолугушуу болуп өттү. Анда эки өлкө ортосунда токой