Министрлер Кабинети саламаттыкты сактоо системасын стратегиялык өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет

Министрлер Кабинети саламаттыкты сактоо системасын стратегиялык өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет

Саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү өлкөбүз үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат жана минкаб аны стратегиялык жактан өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Бул тууралуу Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн эл аралык медициналык конгрессинде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Минкаб башчысы өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолду. Акыркы үч жылда саламаттыкты сактоо тармагын каржылоонун көлөмү эки эсеге көбөйүп, 2019-жылы 19 млрд сом, 2023-жылы 38 млрд сом бөлүнгөн.

Медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасын жаңылоо боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө. Акыркы 2 жылда кургак учукка каршы оорукана, перинаталдык борбор, кыргыз-түрк достугу ооруканасы жана башка заманбап ооруканалар курулуп, пайдаланууга берилди.

«Бардык 7 аймактык оорукана жаңы МРТ аппараттары менен камсыздалып, аймактарда 4 компьютердик томография борбору ачылды. 2 жылдын ичинде 335 жаңы тез жардам унаасы сатылып алынган. Тилекке каршы, бөйрөк оорусунан жабыркаган жарандардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Гемодиализ менен ооругандарга жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 2.2 млрд сомдон ашык каражат каралган.
Өлкө президентинин демилгеси менен өткөн жылы Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу операциялары башталып, атайын жабдыктарды алууга президенттик фонддон 1 млн доллар бөлүнгөн. Ал эми быйыл түрк кесиптештеринин колдоосу менен боорду алмаштыруу боюнча операцияларды баштоону пландап жатабыз. Ушул убакка чейин биздин жарандар эбегейсиз чыгымга учурап, чет өлкөдө ушундай операцияларды жасоого аргасыз болушкан», - деди ал.

Учурда мамлекеттик инвестициялык программанын алкагында жалпы суммасы 77 млн долларын түзгөн 4 ири долбоор ишке ашырылууда. Ошондой эле 116.5 млн доллардан ашык гранттык долбоорлор ишке ашырылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Жер титирөөгө байланыштуу социалдык объектилердин техникалык абалы текшерилди

Жер титирөөгө байланыштуу социалдык объектилердин техникалык абалы текшерилди

29-майда Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун берген маалыматы боюнча саат 14:15те Жалал-Абад аймагында күчү 4,6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Сары-Булак айылынан 10 чакырым, ал эми Казарман айылынан 27 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мындан улам Курулуш, архитектура жана

Манасбек Самидинов кайрадан "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын төрагасы болуп шайланды

Манасбек Самидинов кайрадан "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын төрагасы болуп шайланды

29-майда "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын жылдык жалпы жыйыны өтүп, коомдун башкаруу органдарынын жаңы курамы бекитилди. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жыйындын жыйынтыгында Манасбек Самидинов кайрадан башкармалыктын төрагасы болуп шайланды. Ошондой эле башкармалыктын жана директорлор кеңешинин жаңыланган курамы бекитилди. Директорлор кеңешинин төрагалыгына Мирлан Конурбаев шайланды. Мындан

Ошто 3 ай аралыгында 560 миңден ашуун гүл отургузулган

Ошто 3 ай аралыгында 560 миңден ашуун гүл отургузулган

30-майда Ош шаарында “Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлыктын” жыйынтыгын чыгарууга арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык Кеңештин төрагасы Болотбек Баетов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, коомчулук өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, Президент Садыр Жапаровдун

Пионер көлүн калыбына келтирүү иштери башталды

Пионер көлүн калыбына келтирүү иштери башталды

"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы алдыдагы сууга түшүү сезонуна даярдык көрүү алкагында Пионер көлүн калыбына келтирүү жана ага чектеш аймактарды комплекстүү көрктөндүрүү иштерин баштады. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө объектте 8 даана атайын техника тартылган: 3 экскаватор жана 5 HOWO үлгүсүндөгү оор жүк