Минкаб башчысы Нарындын бир катар отун-энергетикалык обьектилери менен таанышты

Минкаб башчысы Нарындын бир катар отун-энергетикалык обьектилери менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар отун-энергетикалык объектилерди кыдырды.  Бул тууралуу минкаб билдирди.

Алсак, Жапаров Нарын районундагы Куланак ГЭСинин курулушу менен таанышты.   

Обьектиде 356 га аянтты түзгөн суу сактагычтын нугун тазалоо иштери жүргүзүлүп, гидротехникалык курулуштардын бардык участокторунда жер жумуштарынын көлөмүнүн жарымынан көбү бүткөрүлгөн, гидроэнергетика жана гидромеханикалык жабдуулар менен камсыздоо келишимдери Австриянын жана Түркиянын компаниялары менен түзүлгөн. Куланак ГЭСин 2026-жылдын аягына чейин ишке киргизүү пландалууда.  

Андан ары Акылбек Жапаров Жумгал районундагы Миң-Куш кенинде жайгашкан Ак-Улак күрөң көмүр участкасында жана Жумгал районундагы Кара-Кече күрөң көмүр кенинин борбордук участкасында болду. 

Минкаб башчысы участоктордун абалы, өндүрүш процесси, тоо-кен жана даярдык иштери жана үстүбүздөгү жылдын иш планы менен таанышты. 

Кара-Кече күрөң көмүр кенинин «Борбордук» участкасында Акылбек Жапаровго электрондук кезек жана шлагбаум системасы көрсөтүлдү. 

 Мындан тышкары, Минкаб башчысы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына атайын техника – HOWO маркасындагы 20 самосвал, 2 экскаватор жана 1 бульдозер тапшырды. Өткөн жылдын күз айларынан бери жалпысынан 211 миллион 125 миң сомго атайын техникалар алынган. 

Акылбек Жапаров көмүр кендеринин иши иретке келтирилип, көмүр казуу графикке ылайык жүрүп жатканын баса белгиледи. Жумушчу сапардын жыйынтыгы менен тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Төрага 45ке жакын жаранды кабыл алды

Төрага 45ке жакын жаранды кабыл алды

19-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жарандарды кабыл алып, элдин көйгөйлөрүн жана сунуштарын укту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кезектеги кабыл алууга 45ке жакын адам жазылган. Жолугушуу 2 саатка созулуп, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген жарандар жеке жана коомдук мүнөздөгү ар кыл маселелерди көтөрүшкөн. Анын

Канттагы таштанды жайдан өрт чыкты

Канттагы таштанды жайдан өрт чыкты

Интернет булактарына жарыяланган маалыматка карата чара көрүлдү. 18-июнда бир катар маалымат агенттиктеринде Чүй облусунун Кант шаарындагы таштанды талаасында өрт чыгып, кооптуу жагдайды жаратып жаткандыгы боюнча маалымат тараган.  Жаратылыш ресурстары министрилигинин маалыматына ылайык, аталган факты боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй аймактык башкармалыгынын тескөөчүлөрү тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Анын

Садыр Жапаров жана Байрам Бегай этномаданий программа менен таанышышты

Садыр Жапаров жана Байрам Бегай этномаданий программа менен таанышышты

Президент Садыр Жапаров жана Албаниянын президенти Байрам Бегай 19-июнда, анын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында сунушталган этномаданий программа менен таанышышты. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, иш-чара Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы “Номад” амфитеатрында өттү. Мамлекет башчыларын төкмө акындар тосуп алып, кыргыз элинин музыкалык жана поэтикалык өнөрүнүн байлыгын

Манас шаарындагы катуу шамалдан эки киши жабыркады

Манас шаарындагы катуу шамалдан эки киши жабыркады

Манас шаарында 18-июнда катталган катуу шамалдын кесепетинен төрт дарак сынып, эки адам жабыркады. Жабыркаган адамдардын абалы канааттандырарлык экени маалымдалды. ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, катуу шамалдан 7 көп кабаттуу турак үйдүн чатыры жабыркаган. Ошондой эле нөшөрлүү жамгырдын айынан 8 турак үйдүн короосун суу каптаган. Окуя болгон жерге Өзгөчө