Төрага 45ке жакын жаранды кабыл алды

Төрага 45ке жакын жаранды кабыл алды

19-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жарандарды кабыл алып, элдин көйгөйлөрүн жана сунуштарын укту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кезектеги кабыл алууга 45ке жакын адам жазылган.

Жолугушуу 2 саатка созулуп, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген жарандар жеке жана коомдук мүнөздөгү ар кыл маселелерди көтөрүшкөн. Анын ичинде саламаттыкты сактоо, укук коргоо жана сот тармактарына байланышкан көйгөйлөр болду. Ал эми көпчүлүгү турак жай жана жер маселелери боюнча кайрылышкан.

Айрым кайрылуулар боюнча арыздар жеринде кабыл алынып, бир катар маселелер боюнча төрага тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилерине дароо телефон аркылуу байланышып, тапшырмаларды бергени айтылды.

Парламенттин басма сөз кызматынын айтымында, Жогорку Кеңештин төрагасы жарандарды кабыл алуу жолугушууларын үзгүлтүксүз өткөрүп келет.

Мындан тышкары окуңуз

Акыйкатчы: Коомдук кеңеш институттун ишмердүүлүгүнө эксперттик колдоо көрсөтөт

Акыйкатчы: Коомдук кеңеш институттун ишмердүүлүгүнө эксперттик колдоо көрсөтөт

Акыйкатчы институтунун демилгеси менен адам укуктары жана эркиндиктери боюнча коомдук кеңеш түзүлүп, анын алгачкы отуруму өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, отурумда адам укуктарын коргоо жана камсыз кылуу жаатындагы орчундуу маселелер талкууланып, коомдук кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттары аныкталды. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева коомдук кеңештин түзүлүшү институттун

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Кечээ Чолпон-Ата шаарында Коопсуздук кеңештин катчысы Адилет Орозбековдун төрагалыгы алдында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча жумушчу жыйын өттү. Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, жыйын Президент Садыр Жапаровдун тескемеси менен түзүлгөн Координациялык штабдын иш-чараларынын алкагында өткөрүлдү. Анда ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар, саламаттык сактоо жана

Кыргызстанда патент алуу жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү сунушталууда

Кыргызстанда патент алуу жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү сунушталууда

Кыргызстанда патенттөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана өтүнмө ээлеринин административдик жүгүн азайтуу сунушталууда. Тиешелүү «Кыргыз Республикасынын “Патент мыйзамына” өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорду иштеп чыгуунун негизги максаты — интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү, укуктук мониторингдин жүрүшүндө аныкталган боштуктарды жоюу жана улуттук патенттик системанын натыйжалуулугун жогорулатуу. Патенттик маалыматты кагаз

Көчмөндөр оюндарына келгендерге дарыгерлер бир катар сунуштарды берди

Көчмөндөр оюндарына келгендерге дарыгерлер бир катар сунуштарды берди

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан аянтчаларда медициналык кызматкерлер нөөмөттө болуп, жардамга кайрылган жарандарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Дарыгерлердин маалыматына караганда, кайрылуулардын басымдуу бөлүгүн жеңил жаракаттар, кан басымдын жогорулашы, кант диабети жана аллергия сыяктуу өнөкөт оорулардын күчөшү түзүүдө. Мындан тышкары, аба ырайынын