Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 28.37 чакырымы макулдашылды

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 28.37 чакырымы макулдашылды

2024-жылдын 24-мартынан 29-мартына чейин Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер жана топографиялык топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 28.37 чакырымын макулдашты.

Тараптар Тажикстанда өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды аныктоо боюнча ишти улантышат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым аймактарында суу токтотулат

Бишкектин айрым аймактарында суу токтотулат

Бишкектин айрым аймактарында 30-апрелде саат 10:00дөн 20:00гө чейин ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык-өнөр жай объектилерине тиешелүү болот. Өчүрүү аймагы: Ахунбаев көчөсү - Ташауз көчөсү - Тыналиев

Ош шаарындагы бир катар акча алмашуу бюролорунун лицензиясы убактылуу токтотулду

Ош шаарындагы бир катар акча алмашуу бюролорунун лицензиясы убактылуу токтотулду

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ош шаарындагы бир катар алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети убактылуу токтотулду. Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлагандай, чечимдер 2026-жылдын 25-апрелинен тарта күчүнө кирди. Лицензиясы токтотулган бюролордун көпчүлүгү Ош шаарынын Кулигов көчөсүндө, «Достук-автожолу» көзөмөл өткөрмө пунктунун аймагында жайгашкан.

Жалпы республикалык тест 17-23-май аралыгында өтөт

Жалпы республикалык тест 17-23-май аралыгында өтөт

Агартуу министрлигинен маалымдагандай, быйылкы жылы жалпы республикалык тестирлөө 17-майдан 23-майга чейин өткөрүлөт. Министрликтин маалыматына ылайык, тестке каттоо 16-май жана 20-май күндөрү саат 13:00дөн 17:00гө чейин жүргүзүлөт.  Каттоо Бишкек шаарында жана өлкөнүн бардык аймактарында - ЖРТ өтө турган мектептерде администраторлор тарабынан ишке ашырылат.Тестке кирүү үчүн абитуриенттер паспорттун түп

Бишкекте 3 күн жол кыймылына чектөө киргизилет

Бишкекте 3 күн жол кыймылына чектөө киргизилет

28-30-апрелде Бишкек шаарында бир катар эл аралык иш-чаралар болот. Буга байланыштуу жол кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чараларга байланыштуу ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөрүлдү. Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ички аскерлердин