Президенттик администрациянын чыгымдары 9 айда 682,1 млн сомду түздү

Президенттик администрациянын чыгымдары 9 айда 682,1 млн сомду түздү

2025-жылдын январь айынан ноябрь айына чейин Кыргызстан Президентинин администрациясына ишине сарпталган акчанын жалпы көлөмү 682,1 млн. сомду түзгөнү “Ачык бюджет” анализинин маалыматынада көрсөтүлдү. 

Бул чыгымдардын 546,3 млн сомго жакыны администрация кызматкерлеринин маянасына сарпталган. 

Бул сумманын ичинен туруктуу иштеген кызматкерлердин эмгек акысы – 483,8 млн сом болсо, кошумча төлөмдөр менен компенсациялар – 255,4 млн сомду түзгөн. Негизги маяна – 115,9 млн сом, кошумча эмгек акы – 112,4 млн, взностор менен социалдык керектөөлөргө которуулар – 62,5 млн сом болгон. 

Товарларды алуу менен колдонууга жана кызмат көрсөтүүлөргө 135,2 млн сом, анын ичинен 109,5 млн сом кызматтык сапарларга кеткен.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ошто 5200 орундуу заманбап спорттук комплекс курулат

Ысык-Көлдө акылдуу эсептегичтерди орнотуу 98 % аяктады

Улуттук банк төлөм уюмуна айып пул салды

Айыл чарба министрлигинде 1000 күндүк планды ишке ашыруу маселелери боюнча кеңешме өттү

Быйыл 10 айда мамлекеттик бюджетке 669,6 миллиард сом киреше түштү