McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады
Кыргызстанга азык-түлүк жеткирүү пландары боюнча мурда айтылган McDonald’s ресторандар тармагынын ордуна Орусиянын "Вкусно - и точка" тармагы аталды. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги тактады.
Министрликтин жаңыланган маалыматына ылайык, "РУЛОГ" компаниясы Burger King жана "Вкусно - и точка" ресторандар тармактары үчүн азык-түлүк импорттоо маселесин талкуулаган.
Ал эми буга чейин аталган америкалык McDonald’s тармагы бул тизмеге кирбейт. Демек, министрликтин алгачкы маалыматы McDonald’s ресторандар тармагынын Кыргызстандын рыногуна чыгуу пландарын тастыктабайт.
Эске салсак, 27-октябрда Айыл чарба министрлиги "РУЛОГ" компаниясы 2026-жылдын декабрь айында Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк жеткирүүнү пландап жатканын билдирген.
Бирок 28-октябрда мекеме өзүнүн билдирүүсүндө McDonald’s аталышын "Вкусно - и точка" деп өзгөрткөн. Ошол эле учурда жолугушуунун катышуучулары, сүйлөшүүлөрдүн предмети жана продукция тууралуу маалыматтар өзгөрүүсүз калган.
Ал эми Burger King да Кыргызстандын рыногуна чыгууга даярдык көрүүдө. Апрель айында "Кыргызстан аэропорттору" өлкөнүн аэропортторунда аталган тармактын эки ресторанын ачуу пландары тууралуу билдирген.
"РУЛОГ" компаниясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын адистери тоок жана уй этинен жасалган чийки котлет түрүндөгү жарым фабрикаттарды импорттоо мүмкүнчүлүгүн талкуулашкан. Тараптар продукцияны ташуу, сактоо шарттарын жана ветеринардык документтерди тариздөө маселелерин карашкан.
Ошол эле учурда Айыл чарба министрлигинин жаңыланган маалыматынан McDonald’s аталышы гана эмес, продукцияны жеткирүүнүн так мөөнөтү да алынып салынган. Буга чейин мекеме 2026-жылдын декабрь айын атаган.