Өкмөт башчы Бишкек ЖЭБинин ишин жана жылытуу сезонун текшерди

Өкмөт башчы Бишкек ЖЭБинин ишин жана жылытуу сезонун текшерди

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Бишкек жылуулук электр борборуна” барып, жылытуу мезгилиндеги даярдык жана иштин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өкмөт башчысы объекттин үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу үчүн отун запасынын көлөмүнө жана сапатына өзгөчө көңүл бурган. Ага учурдагы көмүрдүн запасы жана аны толуктоо боюнча пландар тууралуу маалымат берилген.

Адылбек Касымалиев ошондой эле ЖЭБдин негизги өндүрүш бөлүмдөрүн — казан жана турбина жабдууларын көрүп чыгып, алардын жогорку жүктөм шартында иштөөгө даярдыгын текшерди.

Текшерүүдөн кийин МинКаб төрагасы Энергетика министрлигинин, Бишкек мэриясынын жана ишкана жетекчилигинин катышуусунда кеңейтилген жыйын өткөрдү. Ал жылытуу сезону үзгүлтүксүз өтүшү үчүн бардык тараптардын жоопкерчилигин күчөтүү зарылдыгын белгилеп, борборду ишенимдүү жылуулук менен камсыздоону тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдө жол курулуштары текшерилди

Ысык-Көлдө жол курулуштары текшерилди

Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков иш сапары менен Ысык-Көл облусундагы жол курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Министрликтин маалыматына ылайык, ал буга чейин берилген тапшырмалардын аткарылышын текшерип, инвестициялык долбоорлордун жана жол тейлөө ишканалары тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерди жеринде көрдү. Жаныбеков алгач Балыкчы–Барскоон унаа жолундагы курулуш иштерин

Бишкекте Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкекте Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 1-апрелинен тартып Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат. Мэриянын маалыматына ылайык, Салиева көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки тилке жолду оңдоо жана кеңейтүү иштерине байланыштуу жабылат. Долбоордун алкагында жолду кеңейтүү, жаңы тротуарларды куруу, сугаруу системасын орнотуу жана эки катмар асфальт төшөө каралган. Бул иштер жолдун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга,

Россиядан ЕАЭБ өлкөлөрүнө ири суммадагы акчаны кайсыл аэропорттор аркылуу алып чыгууга болот?

Россиядан ЕАЭБ өлкөлөрүнө ири суммадагы акчаны кайсыл аэропорттор аркылуу алып чыгууга болот?

Россиядан Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирген өлкөлөргө 100 миң доллардан ашык өлчөмдөгү накталай рублдарды 17 аэропорт аркылуу гана алып чыгууга уруксат берилерин Россия Каржы министрлигине шилтеме берүү менен "РосбизнесКонсалтинг" маалымдады. Накталай акчаны алып чыгууга уруксат берилген аэропорттордун катарына Москванын негизги авиа түйүндөрү — Внуково, Домодедово, Шереметьево, ошондой эле Храброво

“Социалдык контракт”: 48 миңден ашык үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлдү

“Социалдык контракт”: 48 миңден ашык үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлдү

Кыргызстанда жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү” программасы ийгиликтүү ишке ашууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Бул демилге 2022-жылдан бери иштеп келет. Анын негизги максаты — жарандардын жашоо-шартын жакшыртуу жана өз алдынча иш менен камсыз болушуна шарт түзүү. Маалыматка