Бишкекте Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкекте Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 1-апрелинен тартып Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат.

Мэриянын маалыматына ылайык, Салиева көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки тилке жолду оңдоо жана кеңейтүү иштерине байланыштуу жабылат.

Долбоордун алкагында жолду кеңейтүү, жаңы тротуарларды куруу, сугаруу системасын орнотуу жана эки катмар асфальт төшөө каралган.

Бул иштер жолдун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, транспорттук инфраструктураны жакшыртууга жана жөө жүргүнчүлөр менен айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Шаар бийлиги тургундарды убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга, маршруттарды алдын ала пландап, альтернативдүү жолдорду колдонууга чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте Борбордук Азиянын өнөр жайын өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөт

Бишкекте Борбордук Азиянын өнөр жайын өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөт

2026-жылдын 5-ноябрында Бишкекте Борбордук Азиядагы өнөр жай трансформациясы жана инвестиция тартуу маселелерине арналган Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча регионалдык форум өтөт. Иш-чараны Кыргызстандын Министрлер Кабинети жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюму (ЮНИДО) уюштурат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрилигинен кабарлашты. Форумга мамлекеттик органдардын, эл аралык

Ишкер Media
Токмок шаарында көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүлдү

Токмок шаарында көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүлдү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Токмок шаарындагы көмүр сатуу объекттериндеги бааларга мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кара-Кече жана Миң-Куш кендеринен казылып алынган көмүрдүн чекене баасы тоннасына 6 200–6 500 сомду түзөт. Ошондой эле Шубаркөл кенинен казылып

Ишкер Media
Караколдо ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Караколдо ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

30-сентябрда Каракол шаардык прокуратурасы ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча профилактикалык иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чара президенттин 2022-жылдын 7-декабрындагы №388 Жарлыгынын - "Ишкердик субъекттерине жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндө" - талаптарын камсыз кылуу максатында уюштурулду. Негизги максат - ишкерлердин укуктарын коргоо, мыйзамсыз текшерүүлөрдүн алдын

Ишкер Media
Адылбек Касымалиев Минскде ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйынына катышууда

Адылбек Касымалиев Минскде ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйынына катышууда

Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Адылбек Касымалиев Беларусь Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты. Жыйынга Беларусь Республикасынын, Казакстандын, Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Кыргызстандын өкмөт башчылары жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышты. Армениянын Премьер-министри жыйынга онлайн форматта кошулду. Жыйындын күн тартибинде

Ишкер Media