Кыргызстан COP30 саммитинде парник газдарын кыскартуу пландарын билдирди

Кыргызстан COP30 саммитинде парник газдарын кыскартуу пландарын билдирди

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2025-жылдын 10–21-ноябрында Бразилиянын Белем шаарында өтүп жаткан БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча Тараптардын 30-конференциясынын (COP30) алкагында дүйнөлүк лидерлердин климаттык саммитине катышууда. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Байсалов Кыргызстан 1990-жылдан бери парник газдарынын эмиссиясын кыскартуу боюнча дүйнөлүк лидерлердин катарына кирерин белгилеп, 2030-жылга чейин эмиссияны 18%га, эл аралык колдоо менен 30%га чейин азайтууну, ал эми 2050-жылга көмүртектин нейтралдуулугуна жетүүнү пландап жатканын маалымдады.

Ал ошондой эле "Баку – Белен" жол картасын жогору баалап, тоолуу экосистемаларды адилеттүү климаттык каржылоо менен камсыздоонун маанисин белгиледи.

“Баку – Белен” жол картасында белгиленгендей, тоолуу экосистемалар суу, биологиялык ар түрдүүлүк жана маданий мурас үчүн өтө маанилүү, бирок эң аз каржыланган бойдон калууда. Кыргызстан алардын өзгөчө статусун бекитүүгө жана тоолуу аймактарды адаптациялоо жана туруктуу өнүктүрүү программаларын приоритеттүү каржылоону камсыздоого чакырат", — деп билдирди Эдил Байсалов.

Эдил Байсалов 2027-жылы Бишкекте өтө турган экинчи глобалдык Тоолор саммитине даярдык көрүлүп жатканын да эске салды.

COP30да негизги көңүл Париж келишимин аткарууга, климаттык каржылоону мобилизациялоого жана эмиссияларды кыскартуу боюнча чараларды күчөтүүгө бурулат.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдө жол курулуштары текшерилди

Ысык-Көлдө жол курулуштары текшерилди

Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков иш сапары менен Ысык-Көл облусундагы жол курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Министрликтин маалыматына ылайык, ал буга чейин берилген тапшырмалардын аткарылышын текшерип, инвестициялык долбоорлордун жана жол тейлөө ишканалары тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерди жеринде көрдү. Жаныбеков алгач Балыкчы–Барскоон унаа жолундагы курулуш иштерин

Бишкекте Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкекте Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 1-апрелинен тартып Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат. Мэриянын маалыматына ылайык, Салиева көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки тилке жолду оңдоо жана кеңейтүү иштерине байланыштуу жабылат. Долбоордун алкагында жолду кеңейтүү, жаңы тротуарларды куруу, сугаруу системасын орнотуу жана эки катмар асфальт төшөө каралган. Бул иштер жолдун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга,

Россиядан ЕАЭБ өлкөлөрүнө ири суммадагы акчаны кайсыл аэропорттор аркылуу алып чыгууга болот?

Россиядан ЕАЭБ өлкөлөрүнө ири суммадагы акчаны кайсыл аэропорттор аркылуу алып чыгууга болот?

Россиядан Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирген өлкөлөргө 100 миң доллардан ашык өлчөмдөгү накталай рублдарды 17 аэропорт аркылуу гана алып чыгууга уруксат берилерин Россия Каржы министрлигине шилтеме берүү менен "РосбизнесКонсалтинг" маалымдады. Накталай акчаны алып чыгууга уруксат берилген аэропорттордун катарына Москванын негизги авиа түйүндөрү — Внуково, Домодедово, Шереметьево, ошондой эле Храброво

“Социалдык контракт”: 48 миңден ашык үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлдү

“Социалдык контракт”: 48 миңден ашык үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлдү

Кыргызстанда жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү” программасы ийгиликтүү ишке ашууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Бул демилге 2022-жылдан бери иштеп келет. Анын негизги максаты — жарандардын жашоо-шартын жакшыртуу жана өз алдынча иш менен камсыз болушуна шарт түзүү. Маалыматка