Өлкө башчы "Манас Ордону" реконструкциялоо үчүн мезгил кутусун салды

Өлкө башчы "Манас Ордону" реконструкциялоо үчүн мезгил кутусун салды

Бүгүн, 13-ноябрда, Президент Садыр Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында “Манас Ордо” Кыргыз улуттук комплексин реконструкциялоого мезгил кутусун салуу аземине катышты. Бул тууралуу Президенттик администрациясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Иш-чаранын башталышында меймандарга “Манас” эпосуна арналган театралдаштырылган пролог жана “Манас Ордо” комплексин реконструкциялоо долбоору тууралуу видеоролик көрсөтүлдү.

Эскизге ылайык, бардык имараттар жаңыланып, комплекс күнүнө 10 миңге чейин конок кабыл ала турган Борбордук Азиядагы уникалдуу маданий борборго айланат. Мамлекет башчысы комплексти кыргыз элинин тарыхын, салт-санаасын жана көчмөн турмушун сактоого арналган ыйык жай катары баалады.

Садыр Жапаров белгилегендей, “Манас Ордо” комплекси маданий баалуулуктарды түбөлүк жандандыруу жана улуттун руханий борборун түптөө багытындагы маанилүү аракет болуп эсептелет. Ал ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун сөздөрүн эске салды: “Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгенибиз үчүн биз барбыз”.

Архивдик маалыматка ылайык, “Манас Ордо” комплекси 1976-жылы адабий-этнографиялык музей, 1990-жылы “Манас күмбөзү” музей-коругу катары түптөлгөн. 1000 жылдык мааракесинде комплекс “Манас Ордо” деп өзгөртүлгөн, бирок акыркы 30 жыл ичинде эч кандай ири жаңылануу болгон эмес.

Реконструкциядан кийин комплексте заманбап конгресс-холл, көркөм өнөр жана кол өнөрчүлүк галереялары, конок үйлөр жана административдик имараттар курулат. Президент Садыр Жапаров бул жаңылануунун туризмди өнүктүрүп, кыргыз маданиятын жана “Манас” дүйнөсүн эл аралык деңгээлде таануунун жолун ачарын баса белгиледи.

Иш-чаранын соңунда Мамлекет башчысы Манастын күмбөзүнө барып, куран окутту.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда президентке баш ийген Тергөө комитети түзүлөт

Кыргызстанда президентке баш ийген Тергөө комитети түзүлөт

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде күч түзүмдөрүн реформалоо боюнча кеңири өзгөрүүлөр даярдалып жатканын билдирип, жаңы Тергөө комитети түзүлөрүн айтты. Мамлекет башчысынын маалыматына караганда, жаңы түзүмгө бардык тергөө иштери өткөрүлүп берилет. Ал эми Башкы прокуратура жана Аскер прокуратурасы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө функциясын сактап калат. Президент учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик

Камбар-Ата-1 ГЭСине баруучу көпүрөнүн курулушу активдүү жүрүүдө

Камбар-Ата-1 ГЭСине баруучу көпүрөнүн курулушу активдүү жүрүүдө

Нарын дарыясы аркылуу салынып жаткан көпүрө келечектеги Камбар-Ата-1 ГЭСинин негизги транспорттук объекттеринин бири болуп саналат. Ал станциянын оң жээгине түз транспорттук байланыш түзүп, курулушка керектүү материалдарды, оор техникаларды жана жумушчуларды өткөрүүгө шарт түзөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Көпүрөнүн көтөрүмдүүлүгү 400 тоннаны түзөт. Узундугу 200 метрге жакын, туурасы 11 метр.

Д.Трамп бардык өлкөлөргө 10% кошумча бажы төлөмүн киргизгенин билдирди

Д.Трамп бардык өлкөлөргө 10% кошумча бажы төлөмүн киргизгенин билдирди

Дональд Трамп бардык өлкөлөрдөн импорттолгон товарларга 10% кошумча бажы төлөмүн киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгонун өзүнүн Truth Social социалдык тармагында билдирди. "Мен үчүн глобалдык 10% бажы төлөмүн бардык өлкөлөргө киргизгенимди маалымдоо чоң сыймык. Бул чара дээрлик дароо күчүнө кирет",-деп билдирди ал. Бул чечим АКШнын мурда белгилүү соода

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособиени кимдер, кандай ала алышат?

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособиени кимдер, кандай ала алышат?

Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги  кош бойлуулук жанга төрөт боюнча маяна алуу тартиби тууралуу маалымат берди. Кош бойлуулук жана төрөттө боюнча пособие кимдерге берилет: * жумуш берүүчү менен кызматтык мамиледе болгон аялдар; * жеке ишкерлер; * дыйкан (фермер) чарбаларынын мүчөлөрү; * расмий түрдө жумушсуз деп таанылган, жумушсуздук пособиесине укуктуу аялдар. Пособие алуу үчүн