Камчыбек Досматов - Эмгек министринин орун басары болуп дайындалды
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жаңы биринчи орун басары болуп - Досматов Камчыбек Султанмуратович дайындалды.
Тийиштүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Бүгүн министрдин жаңы орун басары эмгек жамаатына, тааныштырылып, ага Эмгек министри Канат Сагынбаев мындан аркы ийгиликтерди каалады.