Дүйнөдөгү эң бай 500 адамдын байлыгы 2,2 трлн долларга жетти

Дүйнөдөгү эң бай 500 адамдын байлыгы 2,2 трлн долларга жетти

2025-жылы дүйнөдөгү эң бай 500 адамдын байлыгы рекорддук деңгээлде — 2,2 триллион долларга өстү. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, Bloomberg байлык индексинде катталган жалпы өсүштүн болжол менен төрттөн бири болгону сегиз адамга туура келген. Алардын арасында Oracle компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Ларри Эллисон, Tesla компаниясынын башкы директору Илон Маск, Alphabet компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Ларри Пейдж жана Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безос бар.

Миллиардерлердин жалпы байлыгы 11,9 триллион долларга жетти. 2025-жылы капиталдын эң чоң өсүшү АКШ менен Канадага туура келип, бул көрсөткүч 1,1 триллион долларды түздү.

Агенттиктин маалыматына караганда, капиталдын өсүшү 2024-жылдын аягында АКШ президенттик шайлоосунда Дональд Трамптын жеңиши менен "олуттуу түрдө тездеген".

Мындан тышкары окуңуз

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстандын Башкы прокуратурасында Башкы прокурордун милдетин аткаруучу М.М. Бектурганов Европа Бирлигинин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Реми Дюфло менен жолугушту. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жолугушууда укуктун үстөмдүгүн жана жазык сот адилеттигин бекемдөө жаатындагы кызматташтыктын негизги багыттары талкууланды. Анын ичинде жазык сот өндүрүшүн санариптештирүү, киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү, финансылык иликтөөлөрдү