Financial Times 2026-жылдагы маанилүү окуялар боюнча божомолун жарыялады

Financial Times 2026-жылдагы маанилүү окуялар боюнча божомолун жарыялады

Financial Times саясий, экономикалык жана технологиялык багыттарды камтыган 2026-жылга карата жылдык божомолун жарыялады.

Саясат жана геосаясат боюнча Financial Times аналитиктеринин божомолдору:

  • FTнин баамында, Дональд Трамп жыл аягына чейин рыноктордун басымы, инфляция жана соода өнөктөштөрүнүн каршылыгынын айынан эң катуу тарифтик коркутууларынан баш тартат.
  • Украина Донбасстан баш тартуусу аскердик толук кыйроо болгон учурда гана мүмкүн деп эсептешет FT аналитиктери.
  • АКШда Демократиялык партия Конгресстин Өкүлдөр палатасын кайра көзөмөлгө алышы ыктымал. Бул аларга Дональд Трамптын күн тартибин бөгөттөп, иликтөөлөрдү баштоого мүмкүнчүлүк берет.
  • Сауд Аравиясы Израиль менен мамилелерди нормалдаштырууга барбайт деген божомол бар.
  • Германия ультраоңчул AfD партиясына карата саясий "санитардык кордонду" сактап калат.

Экономика жана финансы тармагындагы божомолдор:

  • Көпчүлүк борбордук банктар пайыздык чендерди төмөндөтүүнү улантат; Япония бул жагынан өзгөчө учур болуп калат.
  • Кытайдын соода профицити рекорддук деңгээлге жетсе да, юань олуттуу түрдө бекемделбейт.
  • Жеке кредиттөө секторунда дефолттор көбөйөт, бирок системалык каржылык кризис болбойт.
  • Алтындын баасы трой унциясы үчүн 5 миң доллардан ашышы мүмкүн.
  • Африканын экономикалык өсүү темпи биринчи жолу Азиядан бир аз жогору болушу ыктымал.

Технологиялар тармагында эмнелер күтүлөт:

  • Жасалма интеллект тармагындагы өнүгүү басаңдай баштайт: ири технологиялык компаниялар туруктуулугун сактайт, ал эми венчурдук жана чакан компаниялар жоготууларга учурайт.
  • 2026-жылы коммерциялык жактан ишке жарамдуу кванттык компьютер пайда болушу күмөн.
  • Гуманоид роботтор рынокко чыгат, бирок кымбат жана чектелүү (нишалык) продукт бойдон калат.
  • Толук бойдон жасалма интеллект тарабынан түзүлгөн ыр дүйнөлүк музыкалык чарттардын башына чыга албайт.

Бизнес жана рыноктор:

  • FTнин божомолуна ылайык, Tesla АКШда, Европада жана Кытайда жоготкон позицияларын калыбына келтире албайт.
  • Илон Маск негизги көңүлүн салттуу автоөндүрүшкө эмес, жасалма интеллектке жана роботаксилерге бурат.

Редакция белгилегендей, өткөн жылдагы божомолдор рекорддук деңгээлде так эмес болуп чыккан: 2025-жылы 20 божомолдун 7си ишке ашкан эмес — бул долбоор тарыхындагы эң начар жыйынтык. Бул бүгүнкү дүйнөнүн өнүгүшүн алдын ала айтуу канчалык татаал экенин айкын көрсөтүп турат.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI туруктуу өнүгүү боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык S&P Global Corporate Sustainability Assessment (CSA) баалоосунун жыйынтыгын жарыялайт. 2026-жылдын 6-октябрында расмий берилген баалоонун жыйынтыгы боюнча Банк мүмкүн болгон 100 упайдын ичинен 71 упай алды. Бул 2025-жылдагы көрсөткүчтөн 14 упайга жогору. S&P Global CSA

Ишкер Media
Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын Социалдык фонду 39 261 пенсиялык ишти кароого алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сентябрь айында 2 759 жаранга пенсия жаңыдан чектелген. Ошондой эле 596 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелген. Кайра эсептөө эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгына байланыштуу кошумча

Ишкер Media
Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Армениянын Ереван шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 76-отуруму жана “Статистикадагы жаңы усулдар жана технологиялар” аттуу IV эл аралык статистикалык форум өттү. Иш-чараларга Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов катышты. Улуттук сатитстика комитетинин маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө статистикалык маалыматтарды даярдоодо мамлекеттик маалымат тутумдарындагы маалыматтарды

Ишкер Media
12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу айрым көчөлөрдө жана конуштарда электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. “Улуттук электр тармактары” ААКтын Бишкек электр тармактары ишканасынын маалыматына ылайык, иштер Чыгыш, Батыш, Түндүк жана Аламүдүн райондук электр тармактары тарабынан жүргүзүлөт.

Ишкер Media