Кыргызстан Доха саммитинин жыйынтыктарын ишке киргизүүгө киришти

Кыргызстан Доха саммитинин жыйынтыктарын ишке киргизүүгө киришти

Министрлер Кабинети Дохада өткөн Социалдык өнүктүрүү боюнча экинчи дүйнөлүк саммиттин жыйынтыктарын талкуулоо максатында эл аралык уюмдар, дипломатиялык өкүлчүлүктөр, БУУ агенттиктери, жарандык коом жана жеке сектор менен биргеликте кеңешме өткөрдү.

Жыйында агартуу, саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздоо, эмгек, каржы жана экономика министрликтеринин жетекчилери улуттук артыкчылыктарды сунуштап, адамдык капиталды өнүктүрүү жана социалдык саясатты жакшыртуу боюнча мындан аркы аракеттерди талкуулашты. Катышуучулар Дохада кабыл алынган максаттарды аткаруу үчүн ведомстволор аралык тыгыз координация зарылдыгын белгилешти.

МинКаб төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сөзүндө:
"Доха саясий декларациясы биздин багытыбызга толук шайкеш келет. Биз социалдык коргоону, билим берүүнү, саламаттыкты сактоону жана татыктуу эмгекти күчөтүү үчүн улуттук жана эл аралык ресурстарды мобилизациялайбыз. Элдин жашоо деңгээлин жогорулатуу — биздин негизги максатыбыз", — деди.

Маалымат үчүн, 2025-жылдын 4-6-ноябрь күндөрү өткөн дүйнөлүк саммит адамдык ар-намысты, социалдык инклюзияны жана туруктуу өнүгүүгө багытталган глобалдык милдеттенмени кайра тастыктаган. Доха саясий декларациясы 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасын жана БУУ менен кызматташуу алкагын ишке ашырууда маанилүү платформа болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстандык экономисттер Рахимбек Абдрахманов жана Алмас Чукин жакынкы келечекте бензин жана башка күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы кандай өзгөрүшү мүмкүн экендиги боюнча божомолдорун айтышканын Digital Business басылмасы билдирди. Талкууга 2027-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБ алкагында күйүүчү май рыногун интеграциялоо пландалып жатканы себеп болгон. Абдрахмановдун айтымында, казакстандыктар күйүүчү майдын баасы олуттуу өсүшүнө даяр болушу

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстандын чийки зат рыногунда сунуштун азайышы жана тышкы факторлордун таасири менен АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир күндө кескин кымбаттаганын Uz24 басылмасы кабарлады. Өзбекстандын республикалык товардык-чийки зат биржасынан (УзРТСБ) алынган акыркы маалыматтарга ылайык, бир күндүн ичинде АИ-92 бензининин баасы 7,4%га өсүп, тоннасы 12,72 млн сумдан ашты. Маалыматтар көрсөткөндөй,

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 28-апрелиндеги №101 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Бул буйрук Салык кодексинин нормаларын ишке ашыруу чараларын жөнгө салат. Документте "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасында (ЭСФ МС) эсеп-фактураларды жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүү каралган. Долбоорго ылайык, салык органдарынын чечим кабыл алуу жол-жоболорун тактоо сунушталууда.

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүүнүн натыйжасында Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы 1 млрд сомдон ашык салык чогултканын Ташкент шаарында өткөн Кавказ, Борбор Азия жана Монголия өлкөлөрүнүн салык ведомстволорунун жетекчилеринин III форумунда КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы "Базар" маалыматтык системасын ишке