К.Ташиев Долпран алтын кенинин баасы 10 млрд долларга жакын экенин айтты

К.Ташиев Долпран алтын кенинин баасы 10 млрд долларга жакын экенин айтты

Кемин районундагы Долпран алтын кенинин бааланган баасы 10 млрд доллар экенин УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Тоң районундагы УКМКнын жаңы имаратын ачуу мезгилинде билдирди. 

К.Ташиевдин айтымында, компаниялар алтын казуу лицензияларын мамлекеттен бекер алышып, андан кийин бири-бирине сатып акчага туйтунушкан. 

“А элге жана мамлекетке андан эч нерсе калбай, натыйжада мамлекет “уурдалып турган”. Долпран кени тууралуу айтсам, бул жерде лицензияны бекер алышкан. Мамлекеттин бир пайыз дагы үлүшү жок. Ошентип алар лицензияны 32 млн долларга сатышкан. Бул 3 млрд сом. Болжол менен бул 5 лицензиянын баасы 10 млрд доллар. Мына Долпрандын баасы. Мамлекет эч кандай пайда көрбөй, тоолорубуз бузулуп жатат. Алар салык төл жатабыз дешет, бирок, алар ага милдеттүү. Баары салык төлөйт, ал тургай таксисттер дагы. Ар бир кенде мамлекеттин үлүшү жана эл үчүн пайда болуш керек”,-дейт ал. 

Буга улай УКМК жетекчиси бардык кендер элдин пайдасына иштерин билдирип, эгер Долпран кенин иштетүүдө мамлекетке пайда болсо иштетилерин, пайда болбосо ага бийлик тийбей турганын ортого салган.   

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстандык экономисттер Рахимбек Абдрахманов жана Алмас Чукин жакынкы келечекте бензин жана башка күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы кандай өзгөрүшү мүмкүн экендиги боюнча божомолдорун айтышканын Digital Business басылмасы билдирди. Талкууга 2027-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБ алкагында күйүүчү май рыногун интеграциялоо пландалып жатканы себеп болгон. Абдрахмановдун айтымында, казакстандыктар күйүүчү майдын баасы олуттуу өсүшүнө даяр болушу

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстандын чийки зат рыногунда сунуштун азайышы жана тышкы факторлордун таасири менен АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир күндө кескин кымбаттаганын Uz24 басылмасы кабарлады. Өзбекстандын республикалык товардык-чийки зат биржасынан (УзРТСБ) алынган акыркы маалыматтарга ылайык, бир күндүн ичинде АИ-92 бензининин баасы 7,4%га өсүп, тоннасы 12,72 млн сумдан ашты. Маалыматтар көрсөткөндөй,

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 28-апрелиндеги №101 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Бул буйрук Салык кодексинин нормаларын ишке ашыруу чараларын жөнгө салат. Документте "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасында (ЭСФ МС) эсеп-фактураларды жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүү каралган. Долбоорго ылайык, салык органдарынын чечим кабыл алуу жол-жоболорун тактоо сунушталууда.

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүүнүн натыйжасында Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы 1 млрд сомдон ашык салык чогултканын Ташкент шаарында өткөн Кавказ, Борбор Азия жана Монголия өлкөлөрүнүн салык ведомстволорунун жетекчилеринин III форумунда КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы "Базар" маалыматтык системасын ишке