Кыргызстан менен Пакистан ортосунда бир катар келишимдерге кол коюлду

Кыргызстан менен Пакистан ортосунда бир катар келишимдерге кол коюлду

Президент Садыр Жапаровдун Пакистан Ислам Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында экономика, деңиз портторун пайдалануу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, айыл чарба, туризм, энергетика, юстиция жана укуктук маселелер тармактарында кызматташтыкты кеңейтүү жаатында бир катар документтерге кол коюлду.

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров жана Пакистандын Премьер-министри Шахбаз Шариф эки өлкөнүн кызыкчылыгында ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоо боюнча Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

  • Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу;
  • КРнын Министрлер Кабинети менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданият жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • КРнын Министрлер Кабинети менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Туризм чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
  • КРнын Министрлер Кабинети менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Айыл чарба жаатындагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы эки тараптуу сооданы кеңейтүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • КРнын Экономика жана коммерция министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Деңиз иштери министрлигинин ортосундагы Регионалдык байланыштар үчүн Пакистандын портторун колдонуу тармагында өз ара кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
  • Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Коммерция министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • КРнын Энергетика министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Энергетика министрлигинин ортосундагы Энергетика жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
  • КРнын Юстиция министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Укук жана юстиция министрлигинин ортосундагы Укуктук кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
  • Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Энергетика министрлигинин (мунай бөлүмү) ортосундагы Тоо-кен жана геологиялык илимдер жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
  • КРнын Саламаттык сактоо министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Улуттук саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүлөрү, жөнгө салуу жана координациялоо министрлигинин ортосундагы Хирургиялык аспаптар жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
  • КРнын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министринин Жаштар программасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Пакистандын бажы кызматынын ортосундагы Электрондук маалымат алмашууну түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
  • КРнын Бишкек шаары менен Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад шаарынын ортосунда боордош шаарлар мамилелерин орнотуу жөнүндө макулдашуу;
  • КРнын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы менен Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык кызмат академиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • КРнын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы менен Пакистан Ислам Республикасынын Заманбап тилдер улуттук университетинин ортосундагы өз  ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстандык экономисттер Рахимбек Абдрахманов жана Алмас Чукин жакынкы келечекте бензин жана башка күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы кандай өзгөрүшү мүмкүн экендиги боюнча божомолдорун айтышканын Digital Business басылмасы билдирди. Талкууга 2027-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБ алкагында күйүүчү май рыногун интеграциялоо пландалып жатканы себеп болгон. Абдрахмановдун айтымында, казакстандыктар күйүүчү майдын баасы олуттуу өсүшүнө даяр болушу

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстандын чийки зат рыногунда сунуштун азайышы жана тышкы факторлордун таасири менен АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир күндө кескин кымбаттаганын Uz24 басылмасы кабарлады. Өзбекстандын республикалык товардык-чийки зат биржасынан (УзРТСБ) алынган акыркы маалыматтарга ылайык, бир күндүн ичинде АИ-92 бензининин баасы 7,4%га өсүп, тоннасы 12,72 млн сумдан ашты. Маалыматтар көрсөткөндөй,

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 28-апрелиндеги №101 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Бул буйрук Салык кодексинин нормаларын ишке ашыруу чараларын жөнгө салат. Документте "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасында (ЭСФ МС) эсеп-фактураларды жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүү каралган. Долбоорго ылайык, салык органдарынын чечим кабыл алуу жол-жоболорун тактоо сунушталууда.

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүүнүн натыйжасында Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы 1 млрд сомдон ашык салык чогултканын Ташкент шаарында өткөн Кавказ, Борбор Азия жана Монголия өлкөлөрүнүн салык ведомстволорунун жетекчилеринин III форумунда КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы "Базар" маалыматтык системасын ишке