А.Касымалиев: 2025-жылга бюджет 1,1 трлн сомдон ашаары күтүлүүдө

А.Касымалиев: 2025-жылга бюджет 1,1 трлн сомдон ашаары күтүлүүдө

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев өткөргөн кезектеги жыйында өлкөнүн бюджеттик жана экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча маанилүү маалыматтар айтылды. Жыйында "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоор каралып, Министрлер Кабинети аны жактырды.

Жыйында Касымалиев Кыргызстан 2025-жылга расмий түрдө тарыхый көрсөткүчкө жетип, консолидацияланган бюджеттин көлөмү 1,1 триллион сомдон ашканын билдирди. Быйылкы жылы бекитилген консолидацияланган бюджет 708,8 млрд сом болсо, жыл аягында бул сумма 381,7 млрд сомго өсүп, 153,8% жогорулоо менен жыйынтыкталары айтылды. Мындан тышкары, өлкө 2024-жылды 10 млрд сомдон ашык профицит менен жабарын белгиледи.

Өлкөнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10 айында ИДП 10%га өстү. Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча Кыргызстан реалдуу ИДП өсүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди. Бюджетте ИДПнын көлөмү 1 трлн 624 млрд сом деп бекитилген болсо, он айдын жыйынтыгы боюнча 1 трлн 427 млрд 359 млн сомду түздү, ал эми жылдын аягында бул көрсөткүч 1 трлн 779 млрд сомго жетери болжолдонууда. Экономиканын бардык тармактарында өсүү катталып, өзгөчө курулуш секторундагы жылдык өсүү 42,8%ды түзгөнү белгиленди. Адам башына ИДП 2025-жылга 2616 доллар деп пландалган менен, жылды жыйынтыктоо менен 2770 долларга жетери күтүлүүдө.

Касымалиев Улуттук банктын маалыматтарына да токтолуп, Кыргызстандагы алтын-валюта резервдери 2025-жылдын октябрь айында дээрлик 8 млрд долларга — тактап айтканда 7 млрд 955,10 млн долларга жеткенин, бул бир жыл ичинде 3 млрд 20,34 млн долларга көбөйгөнүн билдирди. Ошондой эле дүйнөлүк экономикада өсүү темпинин басаңдоосу байкалганы менен, саясий туруктуулук шартында Кыргызстандын экономикасы туруктуу түрдө оң динамикада өнүгүп жатканын белгиледи.

Жыйындын соңунда Министрлер Кабинети республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чечимди жактырды.

Мындан тышкары окуңуз

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы  14,6 млн долларга сатылды

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы 14,6 млн долларга сатылды

Дэвид Гилмор 1970–1983-жылдары Pink Floyd тобунун бардык альбомдорун жаздырууда колдонгон электрогитара 14,6 млн долларга рекорддук суммага сатылганын BBC агенттиги Christie's аукцион үйүнө шилтеме берип билдирди. "Black Stratocaster" (Кара Stratocaster) деп белгилүү болгон гитара дүйнөдө аукцион аркылуу сатылган эң кымбат гитара болуп калды. Аны ким

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан “Дана Агро” асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш сапардын алкагында министр чарбанын өндүрүш процесси, малдын асыл тукум курамы жана сүт өндүрүү көрсөткүчтөрү менен жеринен таанышты.

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунда жайгашкан "Таштан" асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, ферманын жаңы технологиялары жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алды. Маалым болгондой, жеке ишкер Вахабжан Юсуповго таандык "Таштан" дыйкан-фермерлик чарбасы 2018-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Бүгүн Кыргызстанда Аталар күнү белгиленип жатат. Бул майрамдык дата КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 26-июнунда кабыл алынган. Ага ылайык, мыйзам боюнча жыл сайын Аталар күнү 15-мартта жана Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембиси белгиленүүдө. Аталардын урматына бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаров куттуктоо сөздөрүн жарыялады. Өз сөзүндө президент илгертеден бери кыргыз