Курултайдын жүрүшүндө 94 негизги объекттин ачылышына онлайн старт берилди

Курултайдын жүрүшүндө 94 негизги объекттин ачылышына онлайн старт берилди

IV Элдик Курултайда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев өлкө боюнча 94 жаңы социалдык жана өнөр жай объектин онлайн ачты.

Ал акыркы беш жылда өлкө экономикалык кризистен ийгиликтүү чыгып, туруктуу өсүшкө жеткенин белгиледи. Мамлекеттик башкарууну санариптештирүү натыйжасында бажы кирешелери 46,8 миллиард сомдон 150,2 миллиард сомго чейин өстү.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы децентралдаштыруу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, инфраструктураны модернизациялоо жана экологиялык долбоорлор боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Социалдык чөйрөдө мектептердин абалы жакшыртылып, медициналык мекемелер модернизацияланууда, турак-жай менен камсыздоо программалары кеңейүүдө.

Ачылган объекттердин 27си өнөр жай, 67си социалдык багыттагы болуп, бул долбоорлор 2025-жылы 291 социалдык объект жана 119 өндүрүш ишканасын ишке киргизүү планын аткаруунун бир бөлүгү.

Баткен облусундагы Сары-Талаа-Кызыл-Таш-Зардалы унаа жолунун 18 чакырымдык бөлүгү бүткөрүлүп, Кожешкен дарыясына 30 метрлик жаңы көпүрө курулду.

Адылбек Касымалиев Элдик Курултайдын катышуучуларына жемиштүү иштөөнү жана өлкөнүн өнүгүшү үчүн конструктивдүү диалогду каалады.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде маркировкасы жок 25 тонна пияз артка кайтарылды

Баткенде маркировкасы жок 25 тонна пияз артка кайтарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Баткен башкармалыгы тарабынан “Ак-Тилек автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 29-мартта Казакстанстандан импорттолуп кирген 25 тонна пияз продукциясын текшерүү учурунда анын таңгагында тиешелүү маркировкасы жок экендиги аныкталды. Евразия экономикалык

Чүйдө балык чарбалары өнүгүүдө: экспортту кеңейтүү маселеси көтөрүлдү

Чүйдө балык чарбалары өнүгүүдө: экспортту кеңейтүү маселеси көтөрүлдү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй районундагы "Премиум" жана "Пура" балык чарбаларына барып, тармактын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш сапардын максаты — атамекендик балык тоютунун сапатын жана анын балыктын өсүшүнө тийгизген таасирин баалоо болду. "

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулушка 200 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулушка 200 миң сом айып пул салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы аймактагы курулуш объектилеринин мыйзамдуулугун жана иштердин сапатын көзөмөлдөөнү улантууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, Каракол шаарындагы май куюучу жайда реконструкциялоо жана кайра пландоо иштери уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп жатканы аныкталып, айып пул салынып, көрсөтмө берилген. Бирок объект

Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы-2026 кампаниясы башталды

Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы-2026 кампаниясы башталды

Бүгүн, 30-марттан баштап, Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Дүйнөлүк акча жумалыгы-2026 кампаниясы башталды. Ал «Акчаны туура колдонуу-үйдө берекенин болгону» деген ураан менен өтүүдө. Бул тууралуу Улуттук банктын Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, ишчаранын башкы максаты калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу - чыгашаларды контролдоо жана