С.Жапаров: Мугалимдердин жана дарыгерлердин айлык акысы 100% көтөрүлөт

С.Жапаров: Мугалимдердин жана дарыгерлердин айлык акысы 100% көтөрүлөт

Бүгүн, 25-декабрда Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда IV Элдик курултай өтүп жатат. Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан келген 700 делегат катышууда.

Анын жүрүшүндө мамлекет башчы өлкөнүн саясий, экономилкалык жана социалдык абалы тууралуу маалымат берип жатып, мугалим жана дарыгердердин айлыгы көтөрүлө тургандыгын баса белгиледи.

“Мугалим менен дарыгерлерди урматтоо – бул кубаттуу өлкөнүн өзөгү. Мугалим улуттун келечегин калыптандырса. Дарыгер алардын ден соолугун коргойт. Бул 2 кесиптин ээлеринин кадырын көтөрүп, баштапкы кадырын кайтарып беришибиз керек. Ошол себептен  2026-жылдын 1-апрелинен баштап мугалим жана дарыгерлердин айлыгы дагы 1 ирет 100%  көтөрүлө турганын белгилейм” – деди Садыр Жапаров.

Өлкө башчынын айтымында, өкмөт алгач бул кесиптин ээлеринин айлык акысын 50% көтөрүүнү сунуштаган, бирок кийин кеңешип 100% көтөрүү чечими кабыл алынган.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде маркировкасы жок 25 тонна пияз артка кайтарылды

Баткенде маркировкасы жок 25 тонна пияз артка кайтарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Баткен башкармалыгы тарабынан “Ак-Тилек автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 29-мартта Казакстанстандан импорттолуп кирген 25 тонна пияз продукциясын текшерүү учурунда анын таңгагында тиешелүү маркировкасы жок экендиги аныкталды. Евразия экономикалык

Чүйдө балык чарбалары өнүгүүдө: экспортту кеңейтүү маселеси көтөрүлдү

Чүйдө балык чарбалары өнүгүүдө: экспортту кеңейтүү маселеси көтөрүлдү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй районундагы "Премиум" жана "Пура" балык чарбаларына барып, тармактын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш сапардын максаты — атамекендик балык тоютунун сапатын жана анын балыктын өсүшүнө тийгизген таасирин баалоо болду. "

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулушка 200 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулушка 200 миң сом айып пул салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы аймактагы курулуш объектилеринин мыйзамдуулугун жана иштердин сапатын көзөмөлдөөнү улантууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, Каракол шаарындагы май куюучу жайда реконструкциялоо жана кайра пландоо иштери уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп жатканы аныкталып, айып пул салынып, көрсөтмө берилген. Бирок объект

Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы-2026 кампаниясы башталды

Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы-2026 кампаниясы башталды

Бүгүн, 30-марттан баштап, Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Дүйнөлүк акча жумалыгы-2026 кампаниясы башталды. Ал «Акчаны туура колдонуу-үйдө берекенин болгону» деген ураан менен өтүүдө. Бул тууралуу Улуттук банктын Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, ишчаранын башкы максаты калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу - чыгашаларды контролдоо жана