Президенттин Администрациясында жыл жыйынтыгы чыгарылды

Президенттин Администрациясында жыл жыйынтыгы чыгарылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президенттинин Администрациясынын кызматкерлеринин жалпы жыйынында 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарды. Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар кызматкерлерге Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталары тапшырылды.

Жыйынды ачып жатып, Адылбек Касымалиев 2025-жыл Администрация үчүн мазмундуу жана жооптуу болгонун, бирок командалык иштин аркасында бардык милдеттер аткарылганын белгиледи. Ал жылдын жыйынтыгы боюнча олуттуу натыйжаларга жетишилгенин, алардын эл аралык деңгээлде да жогору бааланганын баса белгиледи.

2025-жылдагы негизги ийгиликтер:

  • Өлкөнүн ИДПсы 1,8 триллион сомго жетти;
  • Консолидацияланган бюджет биринчи жолу 1 триллион сомдон ашты;
  • Республикалык бюджет 34,3 миллиард сом профицит менен аяктады;
  • Өнүктүрүүгө кеткен чыгымдар социалдык чыгымдардан ашты;
  • 341 инфраструктуралык объект ишке берилди.

Адылбек Касымалиев кызматкерлердин берилип иштегендиги жана кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, 2026-жылы Президенттин Администрациясы бирдиктүү команда болуп натыйжалуу ишин улантаарына ишеним билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна кагаз колдонду

Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна кагаз колдонду

Бүгүн Садыр Жапаров парламенттин жыйынында Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна А4 кагазын колдонгонун билдирди. Президент депутаттарды санариптештирүүнү тездетип, "электрондук парламентке" өтүүнү сунуштап, бул аркылуу бюджет чыгымдарын азайтып, импортко көз карандылыкты азайтууга чакырды. Анын айтымында, кагазды сатып алуу көлөмү жыл сайын өзгөрүп турат, бирок дагы деле сатып

Кыргызстан менен Грузия соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты

Кыргызстан менен Грузия соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты

Тбилиси шаарында Кыргызстандын Грузиядагы элчиси Максат Мамытканов мамлекеттик органдардын жетекчилери жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, элчи Грузиянын башкы прокурору Георгий Гваракидзе, юстиция министри Паата Салия жана ички иштер министри Гела Геладзе менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушуулардын жүрүшүндө эки өлкөнүн ыйгарым

Ош мэри Улуу Британия менен жаңы инфраструктуралык долбоорду талкуулады

Ош мэри Улуу Британия менен жаңы инфраструктуралык долбоорду талкуулады

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, билим берүү, спорт, шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелери талкууланды. Калаа башчысы Улуу Британиянын экспорттук-финансы агенттиги UKEF (UK Export Finance) менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты

Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

2026-жылдын январында Кыргызстанда кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 2025-жылдын январына салыштырмалуу 11,4% өскөнүн расмий статистика көрсөтүүдө. * Билим берүү тармагында баалар эң көп өстү — 23%. * Турак жайларды тейлөө жана ремонттук кызматтардын тарифтери 22,8% көтөрүлдү. * Маданий иш-чараларды уюштуруу кызматы — 14,5%, чач тарач кызматтары — 13%, бут кийимди оңдоо кызматтары — 10,6%га