А.Касымалиев Бишкектеги ата мекендик азык-түлүк жарманкесине барды
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта 27-31-декабрь күндөрү өтүп жаткан ата мекендик азык-түлүк жарманкесине барды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Касымалиев жарманкеде сөз сүйлөп, мындай иш-чаралар ортомчуларды жокко чыгарып, фермерлер жана айыл чарба ишканаларынын продукциясын базар баасынан төмөн баада сунуштоого шарт түзөрүн белгиледи.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги уюштуруп жаткан жарманкелерде уйдун эти 680 сомдон, койдун эти 690 сомдон ашкан жок. Мындай формат өндүрүүчү менен керектөөчүнүн түз байланышына мүмкүндүк берип, социалдык маанидеги азык-түлүк бааларын көзөмөлдөөгө шарт түзөт.
Касымалиев белгилегендей, ушундай жарманкелер эмдиги жылы да өлкө боюнча өткөрүлөт.


