ТИМ кыргызстандыктарды Иранга баруудан убактылуу оолак болууну сунуштайт

ТИМ кыргызстандыктарды Иранга баруудан убактылуу оолак болууну сунуштайт

КРнын Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарын шашылыш же зарыл болбосо, Иранга баруудан алыс болууга чакырат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

 Билдирүүдө акыркы күндөрү Иран Ислам Республикасынын бир нече шаарларында уруксатсыз нааразычылык акциялары катталганы белгиленет. 2026-жылдын 6-январына карата Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык, Ирандагы нааразычылык акцияларында жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок.

Ирандагы Кыргыз Республикасынын жарандарына ведомство төмөнкүлөрдү сунуштайт:

- өзгөчө сак жана этият болуу;

- эл көп топтолгон жерлерден, нааразылык акцияларынан алыс болуу;

- жергиликтүү бийлик органдарынын талаптарын жана сунуштарын так аткаруу;

- жарандык документтерин жана КРнын элчилигинин байланыш маалыматын алып жүрүү;

- жергиликтүү бийлик органдарынын жана дипломатиялык миссиялардын расмий билдирүүлөрүн көзөмөлдөө.

 Тышкы иштер министрлиги кырдаалды кылдаттык менен көзөмөлдөп турат жана зарыл учурда жарандарга ар кандай өзгөрүүлөр тууралуу тезинен кабарлайт. Өзгөчө кырдаалдар болгон учурда, КРнын жарандарына Тегерандагы КРнын элчилигине дароо кайрылуу сунушталат.

Ишеним телефонунун номерлери: +989352505226, +989352505229.

Мындан тышкары окуңуз

Күрөөнүн баасын атайылап төмөндөтүү алдамчылык – Г.Кожогулова

Күрөөнүн баасын атайылап төмөндөтүү алдамчылык – Г.Кожогулова

Депутат Гуля Кожокулова парламент жыйынында насыя боюнча күрөөнүн суммасын атайылап төмөн баалоону банктардын тузагы деп атады. Анын айтымында, күрөө мүлкү рыноктогу чыныгы баасына ылайык бааланбайт. "Жарандар катуу шарттарга туш болуп, насыяларын белгиленген мөөнөттө төлөй албай калышат. Канча тагдыр талкаланды, канча адам өз жанын кыйды! Коммерциялык банктардын жоопкерчилигин да караш

Бажылык тариздөө мыйзамдарын бузган эки компания мамлекетке 5,7 млн сом төктү

Бажылык тариздөө мыйзамдарын бузган эки компания мамлекетке 5,7 млн сом төктү

Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгы товарларды бажылык тариздөөсүз мыйзамсыз пайдалануу фактыларын аныктады. Нарын шаарында убактылуу сактоого коюлган 18 тонналык майдалагыч жабдуу тиешелүү төлөмдөрү төлөнө электе эле ишкана тарабынан орнотулуп, пайдаланылып жаткандыгы белгилүү болгон. Ошондой эле "Ч.Ю." жана "Д.Д." компаниялары жооптуу сактоодо

Россияда ири маркетплейстер текшерилип жатат

Россияда ири маркетплейстер текшерилип жатат

Өткөн жылдын аягынан бери Россиянын Эмгек жана иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык кызматы  Wildberries, Ozon жана Яндекс Маркет сыяктуу ири маркетплейстерге масштабдуу текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат. Тийиштүү тапшырманы 2025-жылдын 10-декабрында Россиянын вице-премьери Татьяна Голикова берген. Бул документ менен "Коммерсантъ" басылмасы таанышкан, ал эми анын чын экенин жогоруда аталган

Кыргызстанда 34 айылды бийик тоолуу аймактар тизмесинен чыгаруу сунушталды

Кыргызстанда 34 айылды бийик тоолуу аймактар тизмесинен чыгаруу сунушталды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев буга чейин бийик тоолуу аймактарга кирген айылдарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн Өткөөл мезгил жөнүндө убактылуу жобо бекитүү тууралуу токтомго кол койду. Документтин нускамасында Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 23-октябрындагы № 692 токтому менен бийик тоолуу зоналарда жайгашкан айылдардын тизмеси бекитилгени белгиленген. Ага ылайык, кыргыз өкмөтүнүн 1997-жылдагы № 377