Өкмөт аймактарды бюрократиядан арылтуу реформасынын жаңы этабын баштады

Өкмөт аймактарды бюрократиядан арылтуу реформасынын жаңы этабын баштады

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында бюрократиядан арылтуу иштеринин экинчи этабы аймактык деңгээлде ишке ашырыла баштаганы белгиленди. Анын алкагында жергиликтүү бийлик органдарынын ишин оптималдаштыруу, ашыкча жол-жоболорду кыскартуу, чечим кабыл алуу мөөнөттөрүн тездетүү жана бизнес үчүн шарттарды жакшыртуу максаты коюлду.

Адылбек Касымалиев ар бир аким жана жергиликтүү жетекчи өзүнө жүктөлгөн милдеттерди сапаттуу аткарууга жеке жоопкерчилик тартаарын белгилеп, аймактарда бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу, уруксат берүүчү документтерди алуудагы мөөнөттөрдү кыскартуу жана “Бирдиктүү терезе” принцибин толук кандуу иштетүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле санариптештирүү бюрократиядан арылуунун негизги куралы катары белгиленип, пилоттук долбоор Токмок жана Нарын шаарларында, Ноокат, Баткен жана Түп райондорунда, ошондой эле Жалал-Абад жана Талас облустарында ишке ашырыла турганы маалымдалды.

Жыйындын жыйынтыгында мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тиешелүү тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары окуңуз

“Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке банк болот

“Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке банк болот

Кыргызстанда ачылып жаткан “Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке коммерциялык банк болуп саналат. Анын негиздөөчүсү жеке жак болуп, уставдык капиталы 1 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу Улуттук банктын банктык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Элизат Жапарова басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, Улуттук банк жаңы финансылык уюмду түзүүгө уруксат берген, бирок банктык операцияларды

Ишкер Media
Азамат Эсенбеков Президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Азамат Эсенбеков Президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Бүгүн Азамат Эсенбеков Президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу БШКдан маалымдады. Билдирүүгө караганда, Президенттик шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген. Буга чейин Аймен Касенов президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөнү маалым. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер

Ишкер Media
Ошто 4 муниципалдык объект ижарага берилет

Ошто 4 муниципалдык объект ижарага берилет

Ош шаарында 4 муниципалдык объектти убактылуу ижарага берүү боюнча конкурс жарыяланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, конкурска аянты жана пайдалануу багыты ар башка болгон төрт объект коюлду. Алардын биринчиси - Сүрөттүү-Таш айылындагы аянты 61 чарчы метр болгон бир кабаттуу имарат. Анын баштапкы ижара акысы айына 17 миң 294 сомду

Ишкер Media
Япониялык ишкерлер Кыргызстандан сурьма жана кремний сатып алууга кызыкдар

Япониялык ишкерлер Кыргызстандан сурьма жана кремний сатып алууга кызыкдар

Япон компаниялары Кыргызстанда өндүрүлгөн сурьма менен кремнийди сатып алууга кызыкдар экенин билдиришти. Бул маселе Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин Японияга расмий сапарынын алкагында ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууда талкууланган. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, төрага менен жолугушууга Кейданрен бизнес федерациясынын Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтык

Ишкер Media